Найти тему
Jakshylyk Jaliiov

САГЫЗДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ ТУУРАЛУУ

Сагыз ооздун жагымсыз жытын кетирип, тиштерге пайдалуу таасир тийгизет. Обуру ачылып тамак жегиси келгендердин табитин тизгиндейт.Жарнамаларда сагыз менен жаркыраган тишти кошо көрсөтүп жарнамалайт эмеспи. Бирок сагыздын дагы пайдалуу жана зыяндуу жактары бар. Ал тууралуу азыр билебиз.
Пайдасы

-2

Сагыз арыктоого жардам берүүчү кошумча каражат. Сагыз чайноо менен биз тамак жегенди анчалык көп эңсебей калабыз. Экинчиден сагыз чайнаганда зат алмашуу тездейт. Сагыз чайноонун дагы бир жакшы жери эске тутууну жакшыртат, эстен чыккан эски нерселердин кайра эске түшүшүнө жардам берет.

-3

Тамактан кийин сагыз чайнаганда тиштин, бүйлөнүн түбүндө калган тамак калдыктарын тазалап, ооздогу жагымсыз жытты кетирет. Ошондуктан түшкү тамактан кийин жолугууга бара тургандар сагыз чайнап алса жакшы болчудай. Сагыз чайноо адам тынчтандырып, өзүнө ыраазы болуу сезимине бөлөйт. Андыктан кайгыкапага баткандар көбүрөөк сагыз чайнашы керек.
Зыяны

Сагыз тишке курт түшүүсүнө эч кандай жардам бере албайт, ал тургай алдын алууга да жардам бербейт. Андыктан жарнамалардагы жалган маалыматка ишенбей тиш доктурга барыңыздар. Сагыз эч убакта тиш щёткасын, пастасын алмаштыра албайт. Сагыздагы аспартам заты көп
өлчөмдө колдонгондо ууга айланат.

Таттуу азыктар сыяктуу эле балдарга жана кош бойлууларга колдонгонго анткени сагызда жасалма боёктор жана консерванттар бар. Дайыма эле маймаңдап сагыз чайнап жүргөндөр гастрит илдетине чалдыгат.

ТЕЛЕФОНДУН ЖАРЫГЫ КЫЗДЫН КӨЗҮН КҮЙГҮЗҮП, 500 ТЕШИК ПАЙДА БОЛГОН!

https://zen.yandex.ru/media/id/5e19776211691d00ae970e3f/telefondun-jarygy-kyzdyn-kzn-kigzp-500-teshik-paida-bolgon-5e2da403e6e8ef00ad1aa117