Ар мезгилдин өзүнүн тамактануу тартиби болууга тийиш. Адистер жаз менен кышта дайыма жеп келген тамактарды жайында жеген кооптуу экенин кабарлашат.
Туура тамактануу – бир гана салмак таштоо эмес, ден соолуктун абалын сактоо үчүн абдан пайдалуу дүнүйө. Диетолог адистер туура тамактанбаган учурда оор дарттарга чалдыгуу коркунучу жараларын айтышат.
Маселен, жазында менюдан макарон, ботко менен этти чыгарбаган адамдар бул нерсени жай убагында жебеши керек. Анткени, аптап ысыкта мындай тамактануу тартиби жүрөк оорусуна алып келиши мүмкүн.
“Тамактануунун бул түрү жайында абдан кооптуу. Жүрөк оорулары, кан басымдын жогорулашы менен тахикардияга чалдыктырышы толук мүмкүн. Мындай ысык кезде уй жана чочко этинен баш тартуу зарыл. Алардын ордуна жемиштерди көбүрөөк колдонуңуздар”, - деп айтышат адистер.
Ал эми, эгер жайында жамгыр жаап, күн сууса, андай кезде сүт өнүмдөрү менен муздак капуста шорпосун көп ичүү зарыл. Тамактануунун бул түрү кан басымды туруктуу кармап, аба ырайынын алмашуусунун жүрөккө катуу таасир этпөөсүнө жардам берет.