Ашказан рагы билинбей олтуруп, дароо өөрчүп кетет. Ал өөрчүп кеткенде аны айыктыруу мүмкүн болбой калат. Ошондуктан, адистер аталган оорунун алдын алууну сунуш кылат. Бул оорудан жыл сайын 800 000 адам көз жумат. Адистердин айтымында аталган оорунун алгачкы стадияларында жашап кетүү мүмкүнчүлүгү 68% болсо, үчүнчү стадияда 31%, төтүнчү стадияда 5% экен.
Оорунун өөрчүп кетүүсү организмде Helicobacter pilori бактерияга байланыштуу. Дал ошол вирус гастрит жана язва ооруларын алгач пайда болуусуна себеп болот. Ага утурлай тамеки чегүү, полип, вирус Эпштейна-Барр жана үй-бүлө мүчөсүндө онкология менен ооруган адамдар болсо оорунун пайда болуусуна түрткү болот.
Анын белгилери төмөндөгүчө
-Дайыма заарна болуу
-Ичтин бат-баттан ооруп турушу
-Көңүл айлануу жана кусуу
-Ич өтүү же ич катуу
-Тамактануудан соң, ичтин көөп чыгышы
-Табиттин жоголушу
-Ар дайым чарчоо
-Кан кусуу
Ашказан рагын өөрчүткөн факторлор
-55 жаштан ашкандар
-Тамеки чегүү жана ичимдик ичүү
-Инфекциялык оорулар
-Гастрит
-Ашказанда бактериянын пайда болушу
-Көпчүлүк учурда, аялдарга салыштырмалуу эркектер көп кабылат
Сиз өзүңүздөн төмөнкү симптомдорду байкасаңыз, анда дароо гастроэнтерологго кайрылыңыз.