Найти тему
Укмуш кабарлар

Ала оорусунун (витилигонун) дарысы бар

Буга чейин ала оорусунун (витилигонун) кайдан пайда болору, эмнеден улам чыгары тууралуу анык маалымат жок.

Ал дароо пайда болот да, аз убакыттын ичинде жайылып кетет. Аны дарылоо үчүн бир гана дарыгердин дарылоосу жетишсиз. Денедеги ак тактарды жок кылуу үчүн чачыңыздын түбүнөн баштап, бутуңуздун тырмагына чейин толук текшерилүүдөн өтүшүңүз керек. Ар кандай анализдерден өтүп, кан тапшырышыңыз шарт. Мындан кийин да анык диагноз коюлбайт. Андан соң этап боюнча дарыланууну баштайсыз. Ак тактан арылууга ай жетпейт. Дарылоо убактысы абдан узак. Ал эми элдик медицина аз күндүн ичинде ак тактан арылып, териңизди кайра калыбына келтирүүчү дары сунуштайт.

Дарылоону баштаган кезде ачуу, майлуу азыктарды чектеңиз. Ал эми спирттик ичимдиктер менен чылым чегүүнү такыр унутуңуз. Мындан тышкары депрессияга түшүүдөн, стресске чалдыгуудан абайлаңыз. Дасторконуңуздан жүзүм, чие, алмурут, коон, шабдалы, карагат, баклажан, ашкабак, фасоль, сабиз, болгар мурчу, петрушка сыяктуу жемиштер менен жашылчалар үзүлбөсүн. Боорду, музоо этин көп жеңиз. Чайдын ордуна беде чөбүн, каакым, тикенгүл чөптөрүнөн кайнатма даярдап алыңыз.

* Эмаль идишке 2 литр суу куюңуз. Ага 40 даана быша элек жашыл грек жаңгагын салыңыз. Кайнаганга чейин жеткириңиз да, отун азыйтып жай кайнатыңыз. Болжол менен 30 мүнөттөн кийин 0,5 кг бал кошуп, дагы 10 мүнөт кайнатуу керек. Белгиленген убакыттан кийин отту өчүрүп, кайнатманы сүзүңүз. Даяр болгон дары тундурманы күнүнө 3 жолу тамактын алдынан 1 аш кашык (балдар үчүн 1 чай кашык) ичесиз. Артынан бир даана жаңгак жейсиз.

* 100 грамм анисти талкалаңыз. Аны 0,5 литр зайтун майы менен аралаштырып, күн тийбеген жерге коёсуз. Болжол менен 1 айдан кийин тундурманы алып, ак тактарга сиңдирип сүйкөйсүз. Көп убакыт өтпөй тактын орду кичирейип, териңиз өз түсүн калыбына келтирет.

* Эмаль идишке 1 стакан кайнаган суу куясыз. Ага 2 аш кашык майдаланган чай чөптү (зверобой) кошуп, жай отко коёсуз. Болжол менен 25-30 мүнөттөн кийин тундурманы сүзүп алып, идишке куюп коюңуз. Дарылык касиети көп тундурма менен 2-3 жолу тактардын ордун сүртөсүз. Бул дарыга кошо 1/3 чай кашык гүл чаңчаларын кабыл алуу керектигин унутпаңыз. Дарылануу учурунда мүмкүн болушунча күнгө чыкпай турганыңыз оң.

* 5 грамм чамгыр данына 1 чай кашык алма уксусун аралаштырыңыз. Даяр болгон кошулманы тактын үстүнө компресс жасаңыз. Анын үстүнө коон ширесине малынган кездеме коюңуз.

* Ала оорусуна (витилигого) петрушка менен лимон ширелерин аралаштырып сүйкөсүңүз да, жакшы натыйжага жетесиз.

* Чай чөп, шалфей, чалкан менен бака жалбырак, кийикот, ромашка чөптөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө алып, жакшылып майдалаңыз. Баарын бир идишке салыңыз. Анын 4 аш кашыгын 2 стакан кайнаган сууга салып, 15 мүнөткө идиши менен сууга салып, буулоо жасайсыз. Белгиленген убакыттан кийин тундурманы сүзүп алып, 2/3 стакандан күнүнө 3 жолу кабыл аласыз. Дарыны тамактануудан жарым саат мурда ичесиз. Эгер үзбөй толук жасасаңыз, 2 айдан кийин оң натыйжага ээ болосуз.

* Эгер чай чөп, сабиз, инжир, коон, көк пияз, капуста өзөгүнөн даярдалган шире менен күнүнө 3 жолу ак такты сүртсөңүз да жакшы натыйжасын байкайсыз.

* 5 аш кашык горчичник порошогун 1 стакан 9 пайыздык уксус менен аралаштырып, витилигону сүртөсүз. Күнүнө 2-3 жолу дарылап турсаңыз, аз убакыт ичинде жагымсыз тактан арыласыз.

* Балдар кремин же вазелинди алыңыз. Ага ацетилсалицил кычкылын талкалап аралаштырыңыз. Ушул кошулманы такка сүйкөп, күнгө кактаңыз. 10 күндөн кийин тактын орду карайып, териңиз өз түсүнө келет.