Израиль менен Аргентина курама командалары ортосундагы оюн өтпөй турган болду. Белгисиз бирөөлөр Мессиге коркутуу көрсөткөндүктөн, аргентиналыктар өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн беттешүүдөн баш тартышкан.
Аргентина курамасы машыккан Барселонадагы аянттын жанында палестиналыктар өз нааразылык иш-чараларын уюштурушкан.
Белгисиз бирөөлөр кызыл боёк сүйкөлгөн Мессинин формасын алып келип өз каршылыгын ачык билдирген. Бул окуя аргентина тараптын үрөйүн учуруп, футболчуларды убайга салган.
Палестиналыктар эки курама ортосундагы оюндун дал Иерусалимде өткөнүн каалашпайт окшойт. Ошол себептен, эки тарап дагы бул беттешүүнү өткөрүүнүн кажети жок деген чечимге келген.
“Футболчулар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданышууда. Оюн боло элек жатып ушундай окуя болуп жатканда, жолугушуу өтө тургун күнү эмне болору кудайга белгилүү”, - деп Аргентина фотбол федерациясынын өкүлдөрү айтышты.