Найти в Дзене
Кытай тилиндеги кызыктуу жана таң калыштуу сөздөр --- Кытай тили дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири, жана ал өзгөчөлүктөрү менен да тан калтырат. Көптөгөн сөздөрдө башкалар үчүн таң калыштуу жана кызыктуу маанилер бар. Бүгүн мен сиздерге кытай тилиндеги кызыктуу сөздөрдүн бир нечеси менен тааныштырам! 1. 老婆 (lǎopó) – "Аялым" - эң көп колдонулуучу сөздөрдүн бири. Көпчүлүккө бул сөз аял же жубай деп түшүндүрүлөт, бирок анын түпкү мааниси бир аз таң каларлык. Сөзмө сөз карап корсок 老 lǎo- кары 婆 pó– кемпир Бул сөз ошондо "кары кемпир" деп айтылат, бирок замандын өтүшү менен анын мааниси бир кыйла жумшарып, сүйүктүү адамды сүйүү жана урматтоо маанисинде колдонулат. Мындан тышкары, кытай тилинде "老公" (lǎogōng) деген сөз дагы бар,аны сөзмө сөз которсок  老-lao кары 公 - gong бул коомдук жана жалпы дегенди түшүндүрөт  ал "эркек киши" же "күйөө" деп айтылат. Ошондуктан, кытайлыктар бирин-бири ушул сөздөр менен сүйүү жана жакындык билдиришет, аларды бири-бирине чакырып же аны менен байланышта болушат. Мындай сөздөр кытайдын маданиятын түшүнүүгө да жардам берет. Кытай тилиндеги сөздөрдүн көбүнөн балким, мындай маанилерди күтпөйсүң, бирок алар ар бир иш-аракеттин артында терең бир түшүнүктү жайгаштырып, дүйнө менен байланышта болууга чакырат. 2. 马马虎虎 (mǎmǎhūhū) – "Жакшы эмес, жаман эмес" Кытай тилиндеги бул сөздү "алсыз", "ортомчо" деп которууга болот. Анын түпкү мааниси "жылкы жана жолборс" деген сөздөрдүн айкалышынан келип чыгат, андыктан ал "мыкты да, жаман да эмес" деп колдонулат. 3. 加油 (jiā yóu) – "Алга!" Кытайча бул сөз "май куйу" дегенди билдирет, бирок адамдар аны көбүнчө "алга!", "жакшы иштешиңди каалайм" деген мааниде колдонушат. Мындай сөздөр спорттук иш-чараларда, окууда жана жумушта же эч кандай себепсиз эле колдонулушу мүмкүн. 4. 吃香的喝辣的 (chī xiāng de hē là de) – "Долбоордон пайда табуу" Бул сөзмө-сөз " таттууну жегиси, ачууну ичүү" деген мааниге ээ, бирок бул билдирүү "өкмөттө же байлыкка ээ болуу" дегенге жакын. Айрымдар мындай сөздөрдү жеңиш жана ийгилик үчүн колдонушат. 5. 一见钟情 (yī jiàn zhōng qíng) – "Биринчи көз ирмемде сүйүү" Бул сөздү көбүнчө махабаттуу кино же романдарда угууга болот. "Бир көрүп сүйүп калуу" дегенди билдирет. Кытайда ушундай терминоттор көп. 6. 手忙脚乱 (shǒu máng jiǎo luàn) – "Эмне кыларымды билбейм" Бул сөзмө-сөз "колум бош эмес, бутум бардак" деп которулат, бирок анын мааниси – бир нерсеге айнып, жан-жактанып иштеп жатканда болот. 7. 吃醋 (chī cù) – "Кайгыруунун жана кызгануунун белгиси" Бул сөздү сөзмө сөз которсок 吃 chi - жеш деп которулат ( мисалы тамакты же ) ал эми 醋 cu уксус деп айтылат, бирок экөө бир келсе "кызгануу" деген маанини берет. 8. 画蛇添足 (huà shé tiān zú) – "Талкууну ашыкча кылуу" "Жыланды сүрөттөп, буттарын кошуу" деген сөз, бул — бир нерсени ашыкча кылып бузуп салуу дегенди билдирет. Бул сөздөр кытай тилиндеги кызыктуу жана таң калыштуу маанилердин бир азын гана ачат. Кытай тили үйрөнүүдө кызыктуу фактылар жана сөздөрдү үйрөнүү тилди терең түшүнүүгө жардам берет. Эгер дагы башка кызыктуу сөздөрдү билип калгыңыз келсе, комментарийге жазып коюңуз!
1 год назад
Тил үйрөнүүнүн негиздери: Кытай тилинде иероглиф, Пинин (Pinyin) жана тон жакшылап таанышуу же болбосо үйрөнүү бул баштапкы негиз. 1. Иероглиф деген эмне?  Кытай тилиндеги жазуу иероглифтерден турат. Бир иероглиф бир маанини туюнтат.Баштапкы учурларда негизги жана эң көп колдонулган иероглифтерди үйрөнүү керек. Бул бир топ убакытты алат, бирок үзгүлтүксүз машыгуу маанилүү. 2. Тон деген эмне? Кытай тилиндеги тон (音调, yīndiào) деген түшүнүк — бул сөздүн айтылышындагы жана маанисиндеги айырмачылыкты көрсөтүү үчүн үндүн көтөрүлүшү же төмөндөөсү. Кытай тилинде 4 негизги тон бар, алар ар бир сөздүн маанисин өзгөртүшү мүмкүн. Тонду туура колдонуу абдан маанилүү, анткени бирдей жазылган сөздөр ар башка мааниге ээ болушу мүмкүн. Тондордун түрлөрү: 1. Биринчи тон (高音, gāo yīn) — жогорку, туруктуу үн. Мисалы: 妈 (mā) – "эне". 2. Экинчи тон (阳平, yáng píng) — үнү көтөрүлгөн тон. Мисалы: 麻 (má) – "күрүч, зеңги". 3. Үчүнчү тон (上声, shàng shēng) — үнү төмөндөп, андан кийин көтөрүлгөн тон. Мисалы: 马 (mǎ) – "жылкы". 4. Төртүнчү тон (去声, qù shēng) — үнү төмөндөгөн, аягында ылдый кеткен тон. Мисалы: 骂 (mà) – "сөгүү", "жамандаш". Ошондой эле, кытай тилинде тонду туура айтпаганда, сөздүн мааниси өзгөрүп кетиши мүмкүн, ошондуктан тонду туура үйрөнүү маанилүү.  Мисалы:  四十是四十 (sì shí shì sì shí) 十四是十四 (shí sì shì shí sì)  四十不是十四 (sì shí bù shì shí si  十四不是四十 (shí sì bù shì sì shí)  Котормосу: 40 болот 40 14 болот 14 40 болбойт 14 14 болбойт 40  ( жаңылмач)  Тонго маани берип карап чыксак болот.  Бул сүйлөмдөрдө "болот" жана "болбойт" сөздөрү "是" (shì) жана "不是" (bù shì) деген кытай сөздөрү менен которулган. 3. Пинин деген эмне? Кытай тилинде сүйлөөдө үн айкаштарын жазуу системасы. Ал сөздөрдүн туура айтылышын түшүнүүгө жардам берет. Мындан сырткары📝 Кытай тилиндеги сөздөрдү жаттап, күн сайын жаңы сөздөрдү үйрөнүү. Сөздөрдү үйрөнүүдө аудио ресурстарды колдонуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана ошондой эле сөздөрдү жазып жаттоо ийгиликтүү болот. ✅ Кытай тилиндеги материалдарды колдонуу: Кытай тилин үйрөнүү үчүн YouTube каналдарын, онлайн курстарды, подкасттарды колдонуу. Кытай тилиндеги фильмдерди же сериалдарды көрүү да жакшы ыкма.
1 год назад
"Кытай тилин нөлдөн кантип үйрөнсө болот?" Кытай тилин нөлдөн кантип үйрөнсө болот? Кытай тили татаал угулганы менен, туура ыкма менен үйрөнсөңүз, кызыктуу жана жеңил болот! Бул макалада кытай тилин үйрөнүүнү жаңы баштаган адамдар үчүн негизги кеңештер менен бөлүшөм. 1. Кытай тилин үйрөнүү – кыйын эмес! Көпчүлүк адамдар кытай тили өтө татаал деп ойлошот. Ооба, иероглифтер биринчи жолу караганда оор сезилиши мүмкүн, бирок бул тилдин грамматикасы абдан жөнөкөй: ✅ Жыныска жана септөөгө бөлүнбөйт (орус жана кыргыз тилдеринен айырмаланып) ✅ Өтө жеңил сүйлөм түзүлүшү бар ✅ Грамматикалык убакыттар аз 2. Иероглифтерден коркпоңуз! Кытай тилинде 50 000ден ашык иероглиф бар, бирок күнүмдүк жашоодо 1000-1500 иероглиф эле жетиштүү. Башында Pinyin (латын алфавитинде жазылган версиясын) колдонуп, акырындап иероглифтерди жаттоо керек. Мисалы: 你好 – nǐ hǎo – Салам 谢谢 – xièxie – Рахмат 再见 – zàijiàn – Кош бол 3. Башында кыскача сүйлөмдөрдү үйрөнүңүз Кытайча сүйлөй баштоо үчүн узун сүйлөмдөрдү жаттоо шарт эмес. Төмөнкү жөнөкөй конструкциялардан баштасаңыз болот: Мен студентмин – 我是学生 (Wǒ shì xuéshēng) Менин атым Асан – 我叫 Асан (Wǒ jiào Асан) Сиз каяктансыз? – 你是哪国人?(Nǐ shì nǎ guó rén?) 4. Сүйлөө практикасына басым жасаңыз Кытай тилин үйрөнгөндө эң негизгиси – сүйлөө. Грамматиканы көп билип, бирок сүйлөй албасаңыз, тил үйрөнүүңүз жай жүрөт. Башында жөнөкөй фразаларды көп айтууга аракет кылыңыз. Көп колдонулуучу сөздөр: ✔️ 是 (shì) – Болуу (глагол "быть") ✔️ 不 (bù) – Жок ✔️ 有 (yǒu) – Бар ✔️ 没有 (méiyǒu) – Жок 5. HSK системасы менен үйрөнүңүз Кытай тилин системалуу түрдө үйрөнүү үчүн HSK (汉语水平考试) деңгээлдерин колдонсоңуз болот: HSK 1-2 – Башталгыч деңгээл HSK 3-4 – Орто деңгээл HSK 5-6 – Жогорку деңгээл Эгер кытайча нөлдөн үйрөнгүңүз келсе, HSK 1 программасынан баштаганыңыз жакшы. Кантип баштоо керек? ✅ Иероглифтерден коркпоңуз – 1000 негизги белгини үйрөнүү жетиштүү ✅ Pinyin системасы менен окуу жана жазууну өздөштүрүңүз ✅ Сүйлөмдөрдү жаттап эле калбай, сүйлөө практикасын көбөйтүңүз ✅ HSK программасы менен системалуу үйрөнүңүз.
1 год назад