Найти тему
Июлда эң көп окулган посттор // Салт боюнча өткөн айда эң популярдуу 5 посттун тизмеги: 1️⃣ Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу - 293 жолу көрүлдү; 2️⃣ Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу - 286 жолу көрүлдү; 3️⃣ Chrome браузеринде жүктөөнүн ылдамдыгын көбөйтүү жолу - 262 жолу көрүлдү; 4️⃣ Компьютерде бат тергенди кантип үйрөнсө болот? - 161 жолу көрүлдү; 5️⃣ Кантип видеодон керектүү үзүндүнү тез кесип алса болот? - 155 жолу көрүлдү. __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Бул 10 концепцияны түшүнүү жашооңду өзгөртүшү мүмкүн Мурдагы постумда жазганымдай, жайдын кайнап турган мезгилинде иш тууралуу сөз кылбайм.   Бүгүн сунуштайын деген нерсе Лайфхакер сайтындагы материалдын котормосу. Мага ал кызыктуу жана да пайдалуу көрүндү. Силер менен бөлүшөйүн дедим. Бул материал британдык‑индиялык жазуучу жана журналист Гурвиндер Бхогалдын твиттердеги жазууларынын негизинде даярдалган. Лайфхакер, чынында, 11 концепция тууралуу жазгандарын тандады эле, мен 10ун гана сунуштайын дедим. #башка  __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Акыркы бир жума өзүмдүн жеке сайтымды башка жакка которуп, аны оңдоо жана жаңылоо менен алек болдум. Мисалы, "Кыргызча сайттар" каталог-баракчамды толугу менен жаңылап чыктым. Аны илгери ачтым эле. Ал кезде кыргызча сайттар аз болчу. Азыр алардын баардыгын билүү мүмкүн болбой калды. Эми бул каталогго мен кызыктуу жана пайдалуу деп эсептеген сайттарды гана, ошондой эле коомдук тармактардагы барактарды, топторду, каналдарды киргизип турмакчымын. Учурда 100гө жакын ушундай булактарды топтоштурдум. Ошондой эле WordPress сайтты жасоо боюнча барагымды ачып, ага кете турган чыгымдарды эсептеп чыгып, жазып койдум. Кызыккандар үчүн, сайттын түрүнө жана татаалдыгына жараша ага 15 миңден 52 миң сомго чейин каражат кетет. Бул баага менин эмгегим жана сайтты ачууга керек болгон чыгымдар (домен, хостинг ж.б.д.у.с.) кирет. Кош келиңиздер!
2 года назад
Музыканы жаратып көр // Жайында иш тууралуу эч ким ойлонгусу келбейт. Ойдун баары эс алууда. Ушуну эске алуу менен “ЖОЛ” каналында материалдарды сейрегирээк жарыялап турмакчымын. Бүгүн болсо, жогоруда айтылганды улай, бир чети эс алуу, бир чети пайдалуу болушу мүмкүн онлайн-кызматты сунуштайын дедим. Баардыгыбызда эле музыка жаратуу шыгы боло бербейт. Бирок Mini Music Machine онлайн-кызматынын жардамы менен өзүбүздү азга болсо да композитор катары сезе алабыз. Сунушталган 8 жөндөөчү баскычтарды активдештирип же өчүрүп, ар бир баскычты өз алдынча жөндөп, жөндөөчтөрдүн ордун алмаштырып жана да жаралган музыканын темпин өзгөртүп биз өзүбүздүн МУЗЫКАБЫЗДЫ жарата алабыз. :-) Аны үчүн болгону баскычтарды басуу же жылдыруу гана керек. Бардык өзгөрүүлөрдү угуп да, көрүп да турсак болот.   #медиа #башка __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Chrome браузеринде жүктөөнүн ылдамдыгын көбөйтүү жолу // Chrome браузерин колдонуп интернеттен файлды жүктөп жатканыбызда, адатынча, ал бир гана “арыкты” колдонот, б.а. ал берилген трафиктин каналын толук колдонбойт. Мындайда, сөзсүз, көлөмдүү файлды жүктөө көп убакытты талап кылат. Жүктөө ылдамдыгын кыйла көбөйтсө болот. Аны үчүн көп "арыкты" колдонууга уруксат берүү зарыл. Төмөнкү аракеттерди кылгыла: 1️⃣ Браузердин интернет даректер жазылчу жерине төмөнкүнү көчүрүп койгула: chrome://flags/#enable-parallel-downloading; 2️⃣ Баракка өтөбүз. Бизге керектүү “Parallel downloading” сары түс менен белгиленип турган болот; 3️⃣ Анын тушундагы «Default» дегенди «Enabled» режимине которобуз; .  4️⃣ Браузерди жаңылайбыз. #медиа #башка __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Компьютерде бат тергенди кантип үйрөнсө болот? // Компьютерде бат тергенди үйрөнүү тууралуу көп кыялданабыз. Анткени азыркы заманда бул өтө зарыл көндүм. Атайын курстар бар дечи, бирок ага убакыт короткуң келбейт. Анан да акчаңды аяп кетесиң. Мындайда Ratatype - эң сонун тандоо. Ал акысыз жана өздөштүрүүдө жөнөкөй кызмат.  Башында терүү ылдамдыгыңарды аныктоо үчүн тестирлөөдөн өтүү керек болот.  Андан соң ар түрдүү 10 курс сунушталат. Ал курстарды көрүү үчүн каттоодон өтүү зарыл. Ылайык келгенин тандап алып машыга баштайсыңар. Кызматтын ээлери күнүнө 20 мүнөттөн машыгуу жетиштүү болот дешет. Клавиатуралардагы тамгалардын (белгилердин) жайгашуусу тандалган тилге жана жайгаштыруу ыкмасына жараша болот. Кыргыз тилиники жок, бирок орус тилиники бар. #медиа #офис __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Тез арада акысыз логотип жасап алуу керек болгондо // Акысыз жана тез логотип жасап алуу зарылчылыгы пайда болгондо төмөнкү кызматты колдонуп көрсөңүздөр болот. Launchaco — жасалма интеллекттин негизинде иштеген логотиптердин акысыз конструктору. Бул баштапкы коду ачык аспап. Катталууну талап кылбайт. Логотипти жасоо ушул тепкичтерден турат: 1. Компанияңардын атын жана ураанын жазуу; 2. Шрифтерди тандоо; 3. Сүрөттөрдү тандоо; 4. Түстөрдү тандоо. Сунушталган логотиптердин бирин акысыз жүктөп алсаңыз болот. #медиа __________________________ 👉 Каналдын менюсу 🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
2 года назад
Опубликовано фото
2 года назад
Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу //
Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу // Интернеттен бир маалыматты издегенден кийин каякка барба ошол темадагы жарнамалар силерди дайыма коштоп жүрөрүн байкасаңар керек. Бул браузердин сизди кызыктырган темаларды эсине тутуп алып, сизге кийин ошол темадагы жарнамалык маалыматтарды сунуштап жатканы. Балким, ушул маалымат дагы кызыктырып калаттыр деп. Бул жарнамалык материалдарга гана тийиштүү эмес. Издөө кызматын колдонгондо да, адатынча, сизди кызыктырышы мүмкүн мааалыматтар (сайттар) гана сунушталып турат. Бул социалдык тармактарынын көбүндө да байкалат. Соц тармактар колдонуучуну кызыктырган маалыматтарды, досторунун жазууларын сунуштаганга аракеттенет...
2 года назад
Каналдын МЕНЮСУ // ➤ Канал тууралуу ➤ Рубрикалар ➤ Каналдын Ардак тактасы ➤ Байланышуу: +996 777 45 10 83, jolkanaly@gmail.com ⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹ Башка каналдарым: “Жол VIP" | "Кыргыз поэзиясы" | "Кыска-Нуска" Авторго колдоо көрсөтүү 🙏
2 года назад
Кантип видеодон керектүү үзүндүнү тез кесип алса болот? // Айрым учурда видеодон кыска үзүндүнү кесип алуу зарылчылыгы пайда болот, ал эми жаныбызда болсо аны кылганга керектүү жабдык же программа жок болуп калат. Мындайда Kapwing - көп функционалдуу онлайн кызматы жардамга келиши мүмкүн. «Get started» дегенди басып, ортодо ачылган жерден видеону компьютерден жүктөп алсаңар болот, же YouTube-дагы керектүү видеого шилтемени койгула - ал автоматтык түрдө жүктөлүп калат. Видео кызматка жүктөлгөндө жөнөкой видеоредактор ачылат. Анын жардамы менен керектүү үзүндүнү кесип алгандан кийин «Export» дегенди басабыз. Болду. Бул кызматта катталбай эле акысыз иштей берсе болот. Бир гана биз кесип алган видеонун үзүндүсүндө бул сайттын эн белгиси коюлуп калат. Андан арылгыңыз келсе катталуу керек. Катталгандар акысыз 3 иштетилген видеону эн тамгасыз жүктөй алышат. __________________________ Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо
2 года назад
Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу - 2 // Мурдагы постумда кепти, же аудио (видео) файлды текстке айлантууда пайдасы тие турган онлайн-кызматтар (конверторлор) тууралуу сөз кылгам. Бүгүн компьютерге жүктөлүүчү программалар жана мобилдик тиркемелер тууралуу сөз болот. ☑️ Компьютерге жүктөлүүчү программалар: 👉 Express Scribe - акысыз программада аудиофайлдар менен гана иштесе болот. Интерфейси эски жана да орус тилин колдобойт. 👉 Lossplay — Windows үчүн акысыз программа. Бир гана анда автоматтык түрдө үндү же аудиону (видеону) текстке оодаруу каралган эмес. Бардыгын адам өзү жасаш керек. Бул ишти жеңүлдетүүгө гана эсептелген.  👉 Laitis - компьютерди үн менен башкарууга эсептелген программа. Бирок да үн менен текстти тердирсе дагы болот. Ошол эле кезде бул программанын иштеши үчүн жакшы интернет байланышы болушу зарыл. Акысыз түрү бар. Адистердин айтымында акчага сатып алынган түрүнөн көп деле айырмаланбайт. ☑️ Смартфондор үчүн тиркемелер: 👉 Диктант - речи в текст - iOS үчүн тиркеме. 👉 Speechnotes - Android тиркеме, текст автоматтык түрдө редакторлонуп турат. Бир гана интернет байланыштын болушу абзел. 👉 ListNote - Android тиркеме. Интернетсиз, офлайн иштей берет. 👉 Голосовой блокнот - Android тиркеме. Бул тиркемеге да интернет байланыштын бар болушу зарыл эмес. __________________________ Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо
2 года назад