Нуриет Абдулазиз: Улуу устат
Дал ушул күнү 9 жыл мурун бүткүл мусулман коомчулугу өмүрүн үммөт үчүн арнаган уулунан айрылган. Сөз учурдагы Түркия өлкөсүнүн башчысы Режеп Тайип Эрдогандын, экс президент Абдулла Гүлдүн,экс премьер министр Ахмет Давутоглунун,экс парламент спикери Бюлент Арынчтын жана башка азыркы түрк саясий элитасынын устаты, өлкөнүн мурунку премьер-министри (1996-1997) Нежметтин Эрбакан жөнүндө болмокчу.Анда сөз башынан болсун! Нежметтин Эрбакан Түркиянын Синоп шаарында 1926 жылы саясатчынын үй бүлөсүндө туулган...