Ош электр тармактар ишканасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо жана авариялык абалды алдын алуу үчүн ыкчам бригада күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Төмөнкү номерлер аркылуу Ош облусунундагы райондук электр тармактар ишканалары менен байланышсаныздар болот. ✅ Ош РЭС 8-10-35, 8-11-20 ✅ Ош Энергосбыт 0-3222 8-49-66, 8-49-68 ✅ Кара-Суу 0-3232 5-16-52 ✅ Өзгөн 0-323 5-71-18, 5-71-13 ✅ Кара-Кулжа 0-3249 5-04-42 ✅ Алай 0-3252 5-11-60 ✅ Чоң Алай 0-3237 2-21-38 ✅ Ноокат 0-3230 5-11-09 ✅ Араван 0-3251 5-40-82 Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн Ош электр тармактар ишканасы кечирим сурайт! Эскертүү!!! Техникалык шарттардын негизинде ар бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, колдонуу тартиби көрсөтүлгөн. Келишимде, кечки 18:00дөн 21:00 гө, эрте менен 08:00дөн 09:00 гө чейин, электр жабдууларга жана тарамдарга кошумча күч келүүчү сааттарда электр энергиясын үнөмдөөнү өтүнөбүз. Ош электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы
Osh Times
Орусия Москванын аймагында тереңдетилген медициналык кароодон өтүү үчүн акыны алып салды Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул Кыргызстан тараптын бир нече ирет кайрылуусунан жана КРдин Тышкы иштер министрлигинин, Россиядагы элчиликтин РФ тарап менен жүргүзүлгөн тынымсыз иштеринен кийин болгонун белгилешти. Мындан тышкары, Москва шаарынын "Многофункциональный миграционный центр" ("Көп функционалдуу миграциялык борбор") мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилген. "Ошону менен бирге эле башка медициналык мекемелерге жиберилбестен, аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда чет өлкөлүк жаран Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт", — деп айтылган маалыматта.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалганын ИИМдин маалымат кызматы тастыктады. Ал эми ШИИБдин учурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов башка кызматка которула турганы айтылууда. Белгилей кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп турганда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл РИИБинде өлтүрүлүшүнөн улам кызматтан алынган болчу. Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп барган. Учурда ал жактан ротация болуп жатат. Эске салсак, 2018-жылы 28-майга караган түнү Кыргызстанда төбө чачты тик тургузган окуя болгон. Ошол түндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Бурулай Турдали кызы алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн. Кийин сот болуп, кызды ала качкан Марс Бөдөшев 20 жылга, окуяга катышкан Акмат Сеитов жети жылга эркинен ажыратылган. Ал эми айып тагылган милиция кызматкерлери Ильич Иманалиев, Эржан Кадышев жана Мирлан Макеевдин ар бири 260 миң сомдон айыпка жыгылган. Мындан сырткары, жоопко тартылгандар Бурулайдын ата-энесине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Сот мындай чечимин айыпталуучулардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы менен түшүндүргөн.
Бүгүн, 9-январдан тарта Кытай кыргызстандыктар үчүн чек арасын ачат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Учурда: 🔹"Эркеч-Там" өткөрмө пунктунан визасы бар жарандар; 🔹 "Торугарт" өткөрмө пунктунан Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп жатат. Кытайга кирүү учурунда акыркы 48 саат ичинде CОVID-19га карата тапшырылган тесттин жыйынтыгы керектелет. Эске салсак, чек ара жарандар үчүн 2020-жылдын жаз мезгилинен бери жабык турган.
Кыргызгидромет агенттиги кийинки жумада катуу суук болорун эскертти. Өлкөнүн бардык аймактарында 10-январдан тарта аяз күчүнө кирип, кар жаайт. Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-январда түнкүсүн -20 градуска чейин суук болот. Ал эми тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт. Бул күндөрү түштүк региондордо термометр -17 градусту көрсөтөт. Кыргызгидрометтен жолдорго күрткү туруп, андан сырткары тайгалак болорун, мезгил-мезгили менен катуу шамал жүрөрүн кошумчалады.
