Найти в Дзене
Мекен Мекенди сүйүү ыймандан, Мекенин сүйгөндөр берген жан. Ушул күн бизге жетсин деп, Узап кеткендер үчүн күйөт шам... Мекенди сүйүү ыймандан, Ал үчүн канча ый калган?. Малынган бабалар канына, Майданы эзелки жылдардан... Мекенди сүйүү ыймандан, Мекенсиз болбойт бул жалган. Төш тосуп душман алдында, Төрт тарап эли жыйналган.
3 года назад
Звук виниловых пластин Мне не знаком звук виниловых пластин, Тот нежный вальс влюблённых перед ним. А времена Советские проиграны до нас, Возможно к радости, и горечи моим...
3 года назад
Токчулук Токтогула, дүнүйө үчүн толкундабай, Төкпөстөн бакытты чынысынан. Тамчылар топтолуп көл болгондой, Токчулук токтоолордун ырысынан.
3 года назад
Өмүр Гүлдөсө деп гүлдөрдү кыздар күткөн, Үзүп келер күндөрдүн чаңын сүртөм. Тутанасың бул жашоонун шамалынан, Жаштык жалын тап берип тынбай күйгөн. Сугатсыз сезимдер жолго тартып, Соодагер дүйнөдөн болот артык. Ишенбейт көздөр көрүнбөскө, Ааламга жүрөктө турган жаркып. Пенденин унутуп санааларын, Жаралбас ойлор болуп агым. Жашынбасаң бирөөнүн жамалына, Күзгүдөй өмүр бою каранарым. Автор акын Керим Усубалиевич. Жарыялоо тууралуу күбөлүк №122072901434. #керимусубалиевич #кыргызчаыр #тюп
3 года назад