Kelinki KG
2
подписчика
Kelinki KG
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
"Тойго барганда чогуу отурбайт, “семизсиң” деп менден уялат" Күйөөм боюмда бар экенин билсе эле алдыртат. Ошон үчүн кичүү кызымды дагы айтпай жүрүп төрөп алдым. “Семирип кеттиң, фитнеске жазыл”,-деп, сегиз айга чейин байкаган эмес. Деги эле балалуу болгусу келбейт. А мен беш баланын энеси болууну кыялданам. Өзүм эки бир тууганмын. Бирок, байкемдин мени менен иши жок. Акча керек болгондо гана эстейт. Жалгыздыктан тажадым. Балким, ошон үчүн көп балалуу болгум келет. Улуу балам онунчу, экинчиси сегизинчи класс, кызым жетиге чыкты...
Жалжаке” деп жаткырбаган күйөө балам мени таң калтырды
"Тойдо дагы жалжаңдап, оозу басылбайт" Аялым дасторкон даярдап жүрөт. “Эмне боорсок дагы жасадыңбы?” Жактырбай бурк эттим. Ананчы, карындашымды кызганып өрттөнүп жатсам. Болочок күйөө бала келмек. Үйдөгүлөр президентти тосчудай толкунданып алышкан. Таанышат имиш. Келсин, көрсөтөм ага. “Саламатсыңарбы, болочок туугандарым!” Аккордеонун көтөрүп алып ырдап кирип келди. Жалжаңдап оозу жабылбайт. Ар нерсени айтып элди күлдүрүп жатты. Ортодон апам менен атама жүгүнүп дагы жиберди. Кыскасы, менден башкасына жакты Той...
Боюмда болот, бирок ай күнүнө жетпей төрөлүп же ичтен чарчап калат. Эмнеге?
Саламатсызбы! Жооп берип коюңузчу. Канадыгы цитомегаловирус инфекциясы (ЦМВ) вирусун кантип жок кылууга болот? Боюмда болот, бирок Ай күнүнө жетпей төрөлүп же ичтен чарчап Калат. Эксперттин жообу Айпери соурбекова саламатчылык...
Кайын иним кайын энем экөөбүздү жакындатуу үчүн бул ишке барыптыр .А чынында ит-мышыктай болуп эле жүргөнбүз.
Келгенден бери кайын энеме жакпай койдум. “Чынынын гүлү артты карап калыптыр, ордуна туура койбойсуңбу”,-деп эле артыман аңдып турчу. Шыпыргыны ордунан 10 см алыс жатып калса, болду согуш башталат. Башында кайын энемди түшүнгөнгө аракет кылып жүрдүм. Адам болгондон кийин, биздин деле чыдамыбыз түгөнөт экен “Менин жеңем сиз болосузбу?” Кирип келип эле бетимден өөп учурашты. Үйдөгүлөрдүн баарына белек алыптыр. Мени да унутпаптыр. “Сизге өзүм тандадым”,-деп кооз көйнөк берди. Аябай сүйүндүм. Азыр ошол көйнөктү кийип алып баян жазып отурам...
Чүкөдөй кайын энем мени көргөндө тамды айланып качып жөнөйт
Ата-энем студент кезинде баш кошушат. Мен төрөлгөндөн кийин кыркымды чыгарып, чоң энеме таштап, шаарга окуусуна жөнөп кетишет. Ошентип, кемпирдин колунда тарбия алып, мектепти бүткүчө айылда болдум. Эми чоң энеме сөз жок, колунан баары келет. Бир эле нерсе айтайын: чоң атам койду мууздап берсе, калганын өзү жайгарып койчу. Этегинен чыкпай жүрүп, билгендерин үйрөнүп алдым. Чоң энем көп сүйлөчү эмес. Айтчусун айтчу, болду унчукпай жүрө берчү. Башка чоң энелердей болуп үстүмө үйрүлүп түшкөн жок...
Кыска шорта кийип алып жыргап жүрсөм кайын энем кирип келип калды
"Минтпе”, “тигинтпе”, “антпе”, “мындай кыл”, “тигиндей кыл”, анан аягында “Уктуңбу?” деп туруп кайра башынан кайталашат. Жакында турмушка чыгаарымды уккан ар ким келип алып нотация окуп жатышты. Ишенесиңерби, баары тыюу салуулар болду. Качып кетким келди. - Сага тийсем өзгөрүшүм керекпи? - Эмнеге? - Жеңемдер ошондой дешти. - Мен сени турган-турпатың, кылык-жоругуң менен сүйгөм. Сени өзгөртүү менин кызыкчылыгым эмес. Кандай болсоң, ошондой болуп жанымда жүрсөң болду. Мага башка эч нерсенин кереги жок...
Президент Сооронбай Жээнбеков. АрхивЖуртубуз дарттан тезирээк кутулсун! Жээнбеков Курман айт менен куттуктады
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктап, эл-журтка ден соолук, бакыт-таалай каалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. "Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман айтты пандемия шартында белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм...