Байлык, дүнүйө, бийлик сени бактылуу кыла албайт...
2 года назад
Агайым менин биринчи илимий жетекчим, менин биринчи мамлекеттик кызматтагы жетекчим, менин биринчи академик мугалимим, мени биринчи илимий конференцияга сүйрөгөн адамым Жайнаков Аманбек агайым. Ушул сүрөттү көрүп ичим ачышып, сыздап чекемен муздак тер чыга түштү. Сууңуз соолудубу, сапарыбыз бүттүбү, акка баш ийдиңизби? Ушу акыркы жылдар үч атамдын өмүрүн алды, үчөөнүн орду үч башка жана ал орундарды эч ким ошондой кылып толуктап бере албайт. Талас элинин күчтүү кулуну, кыргыз элинин мыкты уулу оо дүйнөгө узады. Эх агайым каардуу көрүнгөнү менен, ичинен ак көңүл, жардамын аябай сунган адам эле. Кыргыздын арасынан тың чыккан жаш жигиттерди көрсө, "кыргыздын мыкты жигити" деп ар кимге мактаар эле. Тентектерин көрсө "кыргыз балдар эмне болуп баратат" деп ачууланаар эле. Өз колуңуздан илимдин кандидаты наамын алсам дечү элем, аттиң ай ал күндү сиз да мен да көрө албадык. Университетте иштей баштагандан бери ар бир иш чараңызга аралашып көмөктөшүп жаныңызда турганыма сыймыктанчу эмес белем. Эми минтип акыркы сапарга аттанганыңызда жаныңызда туруп узата албай калдым. Барган жериңиз бейиш болсун агай... Сизди мен гана эмес кыргыздын мыкты инсандары да жоктоп ичинде каны кызып турса керек. Мира эжеге жана жакындарына Кайрат тилейм... #кыргызстан #жайнаков #инсан #билим #академик