Найти в Дзене
Президент менен жолугушууларда уктагандар уктап, айтылган сөз айтылган бойдон кала береби?
Президенттин жумушчу иш сапарынын алкагында өтүп жаткан жергиликтүү калк менен жолугушууларында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон, берилген убада ошо бойдон унутта калууда. Ал эмес Жалал-Абад облусунун активдери менен жолугушкан убакта, облустун губернатору Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович баш болуп бул жыйынга катышкандар кызуу уйкуга киришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков маанилүү маселелер менен сүйлөп жатса, ушул ишти чечкендер уктап жатышса кандай маселелер чечилет...
5 лет назад
Атамбаевдин оозуна айланган Мээрбек Мискенбаев «Рубикон» тууралуу эмне деген?
Атамбаев эмне деп буйруса ошону тоту куштай кайталап оозуна айланган  «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Мээрбек Мискенбаев деген бар. Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаевдин гезиттеги үлүшү сот аркылуу конфискацияланууга тийиш эле. Акаев-Тойгонбаев кланы кезинде «Рубикондун» 50% А.Рябушкин менен аялы Г. Рябушкинадан сатып алганын А.Кимдин жактоочулары ырасташкан. Рябушкиндердин үй-бүлөсү гезиттеги өз үлүшү үчүн 300 миң доллар алган экен. Демек Рябушкиндер энчисин толук алган. Тойгонбаев болсо «Рубикондогу» үлүшүн «Петровски корп» ишканасына каттаткан...
5 лет назад
Орусия Кыргызстанга көмөк да, өбөк да көрсөтөт
Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыштагы  араб мамлекеттери Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб эмираттарына жасаган иш сапары Дональд Трамптын оозун Вашингтонду  каратты. Арабдар негизи мусулман калктар, бекер жерден Путинди чечен лидери Кадыров коштоп барган жок. Анткени, Орусияда да православиеден кийин ислам дини өркүндөп өсүп келатат. Орусия Кыргызстандын башкы жана негизги өнөктөшү. 150 жылдан ашуун убакыттан бери орус-кыргыз мамилеси чыңдалып келатат. Учурда эки өлкөнүн соода катышы 1,9 млрд долларды...
5 лет назад
Оңду, солду Чыңгыз Айтматов жана Кыргыз бийлиги
Айтматовдун чыгармачылыгы Раззаков, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин бийлигине туш келет, деги анын бийлик менен алым-катнашы кандай болду эле? Бул ой -пикир жекече ой-пикир, ар кимдин ойлогону ар кандай: 1. Исхак Раззаков менен жаш Айтматовдун иши деле болбосо керек, бирок 1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамила» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Казак Мухтар Ауэзовго жакканы тентиген казак Данияр кыргыздын сулуу келини Жамиланы күйөөсү келатканына карабай ээрчитип кеткени болсо керек...
5 лет назад
Бюджетке 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом акча сарпталат
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралды. Комитеттин жыйынына КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады...
5 лет назад
Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт?
«Эл бөрү болсо бөрү бол, эл түлкү болсо түлкү бол»-деген кеп бар.Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары. Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт: Эмнеси болсо да мурунку президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумун тоготкон жок. Ал камала электе деле тергөөгө басып келген эмес. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу отуруму улантылды. Бул отурумга да Атамбаев келүүдөн баш тарткан...
5 лет назад
Тамашасы жок! Кайрат Кыргыз парламенттик шайлоого катышат
Кайрат Кыргыз деген бир "көп кырдуу", опурталдуу талант бар биздин шоу бизнесте. Эмне жөнүндө ырдайт, ырынын мааниси эмнеде экенин эч ким деле түшүнө бербейт. Эми ошол жигит келээрки парламенттик шайлоого катышмай болуптур. Жада калса бир нече саясий партиядан дагы сунуш түшкөн имиш. Биздин саясий элитанын деңгээлин эске алганда ага таң калып деле кереги жок. Таң калычтуусу ал азыр ошол партиялардын арасынан тандоо жүргүзүп, башы маң болуп жаткан экен.   - Мен ушул адамга же ушул партияга добушуңарды бергиле деп үндөбөйм...
5 лет назад
Азамат! "Чимкириктер", "койлор", дагы?..
Өмүрү спирт тармагында иштеп келген, килейген фракцияны жетектеген депутат Баатырбеков Москвага кыргыз “элитасынын” жогорку “үлгүсүн” көрсөтүп келди! Салык кызматынын, өндүрүштү кайрадан иштетүү тармагынын отличниги, салык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери... Түй ата, санай берсек мындан өткөн элита инсан жоктой көрүнөт экен. Депутаттыкка чейин салык кызматтарында, андан кийин жалаң спирт тармагында иштеп келген депутат Алмазбек Баатырбековдун...
5 лет назад
651 миӊ пенсионер бар, Соцфонддун камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайызга кем аткарылды
Премьер-министрдин бир тууган жээни, Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылган. Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом көлөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “КР Социалдык...
5 лет назад
Ата, апа, “эшек” деп көп тилдечү элеңер, эшек болуп чоңойдум
“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес. Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калса, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун...
5 лет назад
Атамбаевдин саламаттыгы өгүздүкүндөйбү?
Кызык эй, ушул темир тордун артына баргандардын арасынан мурдагы президент, учурдагы бир топ оор кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин эле ден-соолугу өгүздүкүндөй окшойт. Бир кыңк дебей жатат. Тобоо, чын, буга чейин андай жерге түшүп калган көп эле саясатчылар ооруп, мурдунан суу агып, өлүмүш болчу эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. толгон токойлор. Жада калса жапжаш, чүкөдөй болгон Сапар Исаков ооруп, саламаттыгы болбой калды деп угуп калабыз...
5 лет назад
Күнөөлүүлөрдү дайындайт: Атамбаев менен Сапар Исаков күнөөлүүлөрбү же “дайындалгандарбы?”
Байыркы Римде Калигула деген император болгон. Мамлекет башчысы каалаган адамына күнөө тагып, көзүн тазалап, каалаган адамын маскаралап, шылдыңдап койчу экен. Адамдарга караганда акылдуу деп өзүнүн минген атын сенатка депутат кылып отургузуп койгон. Аны аты эмне мыйзам чыгарганын ким билет, бирок сенатка кадимкидей катышып, айлыгын алып турчу экен. “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” балким андан мурун башталгандыр, бирок Калигула “Күнөөлүүлөрдү дайындаганды” сүйчү экен. Алмазбек Атамбаевдин убагында “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” мода болуп кеткен...
5 лет назад