Тердөө оор дарттын алгачкы белгилери болушу мүмкүн
Окумуштуулар терчилдик онкологиялык оорунун баштапкы этабынын белгиси болушу мүмкүн экенин айтып, коңгуроо какты. Бул тууралуу sorokainfo.com сайты кабарлайт. Албетте, тер менен бирге денеңизден жагымсыз жыт чыкса, ден соолугуңузду текшерткениңиз зарыл. Окумуштуулар ашыкча тердөө биринчиден гипергидроз аттуу дарттын белгиси болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бул дарт адатта үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө берилет жана нерв системасындагы бузулуулар бар экенинен кабар берет. Канда кант өлчөмү азайса да, терчилдик пайда болот. Мындай учурда тери муздап, жабышчаак болуп, чачтын түбүндө да жабышкаактык сезилет...