Найти тему
1 подписчик

Компьютерде бат тергенди кантип үйрөнсө болот? //


Компьютерде бат тергенди үйрөнүү тууралуу көп кыялданабыз. Анткени азыркы заманда бул өтө зарыл көндүм.

Атайын курстар бар дечи, бирок ага убакыт короткуң келбейт. Анан да акчаңды аяп кетесиң.

Мындайда Ratatype - эң сонун тандоо. Ал акысыз жана өздөштүрүүдө жөнөкөй кызмат. 

Башында терүү ылдамдыгыңарды аныктоо үчүн тестирлөөдөн өтүү керек болот. 

Андан соң ар түрдүү 10 курс сунушталат. Ал курстарды көрүү үчүн каттоодон өтүү зарыл. Ылайык келгенин тандап алып машыга баштайсыңар. Кызматтын ээлери күнүнө 20 мүнөттөн машыгуу жетиштүү болот дешет.

Клавиатуралардагы тамгалардын (белгилердин) жайгашуусу тандалган тилге жана жайгаштыруу ыкмасына жараша болот. Кыргыз тилиники жок, бирок орус тилиники бар.

#медиа

#офис

__________________________


🙏 Авторго колдоо көрсөтүү
Около минуты