Найти тему
1 подписчик

Microsoft Office Word текст процессорун жакшы өздөштүргүсү келгендер үчүн


Бардыгыбыз эле Word менен иштейбиз. Бирок биз анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билебизби, колдонобузбу? Менимче, жок.

APNDrive Microsoft Office Word 2016 боюнча 3 деңгээлге (жалпылаштырсак: баштапкы, орто жана жогорку) бөлүнгөн видеокурстарды даярдаптыр. Ар бир деңгээлде 60-80 видеосабак каралган. Бирок ар бир сабактын узактыгы орточо алганда 3-5 мүнөттөн ашпайт. Башкача айтканда сабак менен таанышуу көп убакытты талап кылбайт жана да жаңы билимди өздөштүрүүго бул ыңгайлуу. Дагы да артыкчылыгы –  Microsoft Office Word менен иштөөдө кайсы бир операцияларды билсеңер, аларды аттап башка сабактарды тандап алса болот.

Бул курс менен таанышып чыккандар Microsoft Office Word-го башкача карап, анын кенен мүмкүнчүлүктөрүнө тан беришери шексиз. :-)




#офис

__________________________

Около минуты