1 подписчик
Google Chrome браузеринде текстти тез окуу мүмкүнчүлүгү
❗ Ирнентете унашудй теткерстди басаайкңар кеерк. Бул тетстекги сздөрөдө баш жнаа акыкры тамрлгааы гнаа одрнуда боулп кгалан тагаармлы баалшмаан жгайкашнаы меенн тктсети оуку көп кылныйчыыкты жйатпраат. ❗
Анткени мээ сөздү толук окубастан аны баш жана акыркы тамгаларынан гана “таанып” коёт экен!!!
Бул көрүнүш текстти бат окууга мүмкүнчүлүк берет - сөздү толугу менен окуунун кереги жок, а демек убакыт үнөмдөлөт.
Google Chrome браузерине эсептелген Jiffy Reader кеңейтмеси тексттеги ар бир сөздүн баш тамгаларын гана семиздетип, мээге сөздүн баш тамгаларын аныктаганга жардам берет. Кеңейтменин авторунун билдирүүсүндө, интернеттеги тексттерди окуу ылдамдыгын 10 эсеге чейин тездетсе болот экен.
Аны орнотууну жана аны менен иштөөнү кыска видеомдо түшүндүрүп бердим.
#медиа
__________________________
Около минуты
6 июня 2022