1 подписчик
Сүрөттү кантип бат редакторлоп алса болот
Айрым учурда (ал эми веб-редакторлорго такай) сүрөттү жөнөкөй түрдө жөндөө керек болуп калат. Мисалы, ашык жерин кесип салуу, өлчөмүн өзгөртүү дегендей. Мындайда чоң фоторедакторлордун зарылчылыгы керек жок.
Аталган жөндөөлөрдү кылууга толук мүмкүнчүлүк берген акысыз жөнөкөй онлайн фоторедакторлор менен бөлүшөйүн дедим.
Resizing.app - өтө жөнөкөй фоторедактор. Сүрөттүн өлчөмүн өзгөртүүгө, аны каалагандай кылып кесип алууга (мисалы, ар кайсы соцтармактардын талабына туура келгендей кылып), сүрөттү JPG, PNG, WEBP, BMP, TIFF форматтарынын биринде сактоого мүмкүнчүлүк берет. Аны сайтына кирип онлайн колдонсо болот, же Хромдун тиркемеси катары орнотуп алып колдонсо болот.
Edit.photo - бул жогорудагы кызматка окшош мүмкүнчүлүктөрдөн сырткары текстти кошууга, ар түрдүү фильтрлерди колдонууга, сүрөттүн түстөрүн каалагандай кылып өзгөртүүгө жол берет. Бир аз татаалырак, бирок бат эле өздөштүрүп алса болот.
Fotor.com - белгилүү сүрөт менен иштөө кызматынын онлайн колдонууга ылайыкташкан жеңилдетилген түрү. Ал бизге керек болгон бардык жөндөөлөрдү, андан ашыгырак нерселерди да жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул кызматтын артыкчылыгы анын орус тилинде болушу.
#медиа
__________________________
1 минута
18 мая 2022