Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу // Интернеттен бир маалыматты издегенден кийин каякка барба ошол темадагы жарнамалар силерди дайыма коштоп жүрөрүн байкасаңар керек. Бул браузердин сизди кызыктырган темаларды эсине тутуп алып, сизге кийин ошол темадагы жарнамалык маалыматтарды сунуштап жатканы. Балким, ушул маалымат дагы кызыктырып калаттыр деп. Бул жарнамалык материалдарга гана тийиштүү эмес. Издөө кызматын колдонгондо да, адатынча, сизди кызыктырышы мүмкүн мааалыматтар (сайттар) гана сунушталып турат. Бул социалдык тармактарынын көбүндө да байкалат. Соц тармактар колдонуучуну кызыктырган маалыматтарды, досторунун жазууларын сунуштаганга аракеттенет. Бул, жогоруда айтып кеткенимдей, адамга кызыктуу болгон маалыматтарды гана сунуштоо ниети менен жасалат. Бир чети - бул жакшы. Менин кызыкчылыгыма туура келген, керектүү маалыматтар менен гана таанышып турам. Бирок башка жагынан, биз окуган гана маалыматтардын негизинде дүйнөдө ушулар гана болуп жаткан турбайбы деген калпыс жыйынтыкка ке