Браузердин “Инкогнито” режими. Аны кайсы учурда колдонуу керек? Ар бир браузердин “Инкогнита” (“Жашырын”) режими бар. Анын көп пайдалуу жактары бар, бирок көбүбүз аны эч колдонбойбуз. Эң башкысы - бул режимди колдонгондо браузер силердин интернетте кылган аракеттериңерди (силер кирген сайттар тууралуу маалыматты, силер киргизген логиндерди, сырсөздөрдү) эсинде сактабайт. Аны ачыш үчүн төмөнкү баскычтарды чогуу басыш керек: Ctrl + Shift + N, же Chrome браузеринин оң-жогору жагындагы тигинен турган 3 чекитти басып, ачылган тизмектен “Новое окно в режиме инкогнито” дегенди тандоо зарыл. Кара түстөгү “Режим инкогнита” деген барак ачылат. Кайсы учурда бул режимди колдонуу керек: 👉 Банктын сайтындагы жеке кабинетиңерге киргенде же Интернет-капчыгыңар менен иштеп жатканда; 👉 Интернет кафеде же башканын бирөөнүн компьютеринде интернетти колдонгондо (почтага, же башка жеке аккаунтыңарга киргенде бул режимди сөзсүз колдону керек); 👉 Бир браузерде бир кызматтагы эки башка почтаңарга кирүү кере