Документти тез арада скандоо керек болгондо
Айрым учурда документти тез арада скандап жибериш керек, а бирок жакын жерде сканер жок болуп чыгат. Мындай кырдаалдар силерде көп эле кезиксе керек?
Адатынча биз смартфон менен документти тартып жибере коёбуз. Жоктон жогору деп. Бирок ошол эле смартфондун жардамы менен атайын сканерлөөчу аппараттан кем эмес сапаттагы документтин сканын жасаса болот.
👉 Айрым смартфондордо документти тартууга ылайыкталган атайын режимдер болот. Бери дегенде Xiaomi фирмасынын смартфондорунда бар. Камераны иштетип, андан “Документы” дегенди тандасаңар, силер тарткан документти так анын өлчөмү боюнча кесүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ кыйшык тартылса да анын сканы кадимки өлчөмдө болуп оңдолот.
Документтин чегин камера өзү аныктайт, бирок силер да өзүңөр тактап, тууралап өзгөртө аласыңар. Болду, эми аны керектүү адамга жиберип койсоңор болот.
👉 Атайын тиркемелерди жүктөп алып, колдонсо болот. App Store жана Google Play дүкөндөрүндө андай толтура тиркемелер бар. Мен өзүм Андроид смартфонду колдонгонум үчүн бул операциялык системага тийиштүү тиркемелер тууралуу сөз кылмакчымын. Айфондорду колдонгондордон кечирим сурайм. :-)
Мен жакшы баалары бар беш тиркемени жүктөп алып аларды тесттен өткөрүп көрдүм. Менимче, алардын арасынан эң жөнөкөйү жана жакшы сапаттагы сканды жасаган, өзүнүн эн белгисин койбогон тиркеме бул Any Scanner. Анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн акысыз колдонсо болот.
Скандалган файлдарды PDF же JPEG түрүндө почта аркылуу жөнөтө аласыңар, же коомдук тармактарда жарыялай аласыңар.
Анын пайдалуу дагы толтура мүмкүнчүлүктөрү бар. Көчүрүп алып акырындан өздөштүрө бергиле.
#офис
#медиа
__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо