Калпты аныктай билүү жолдору
Интернетте фейктер же калп маалыматтар жылдан жылга көбөйүүдө. Адистердин билдирүүсүндө, мындай маалыматтардын саны азыркыдай согуш, пандемия, экономикалык жана саясий кризис сыяктуу учурларда өзгөчө көбөйөт.
Алардан 100% сактанууга мүмкүнбү? Жок. Бирок алардан таасирин кыйла азайтса болот.
❗ Калп маалыматтардын (жаңылыктардын) эң мүнөздүү көрсөткүчтөрү:
👉 Жаңылыктын бүйүрдү кызыткан, эмоционалдуу аталышы (кликбейт).
👉 Жаңылыктын өзүндө окуя болгон жер, убакыт көп учурда так көрсөтүлбөйт.
👉 Маалымат булактары бүдөмүк берилген.
❗ Жаңылык менен таанышып жатып биринчи кезекте бул нерселерге көңүл бургула:
👉 Жаңылыкты жарыялаган сайтка байкоо жүргүзгүлө.
👉 👉 Бул сайт мурда калп жаңылыктарды таратканы менен белгилүү болушу мүмкүн.
👉 👉 Бул сайт анчалык белгилүү жаңылык сайты болбошу мүмкүн. Ушул эле жаңылыкты башка абройлуу маалымат булактарынан издеп көргүлө. Эгер жаңылыкты бул сайттан башка эч ким жарыялабаса анда шектенүү керек.
👉 👉 Сайтта анын ээси, редакциялык саясаты, редакциясы, дареги, байланышуу жолдору тууралуу маалыматтар жок болсо, же өтө эле аз болсо, анда бул сайттын жаңылыктарынан шектенүү керек.
👉 Жаңылыкта көрсөтүлгөн маалымат булактарын издеп көргүлө. Керек болсо ал маалымат булагы менен байланышууга аракет кылгыла.
👉 👉 Фейк жаңылыкта маалымат булагын так аныктаганга же тапканга мүмкүнчүлүк берилбейт, калпы чыгып калышы мүмкүн да.
👉 👉 Маалымат булагы так болгон күндө да, ал жаңылыкта айтылган маалыматты бербеген болушу мүмкүн.
👉 Жаңылыкта колдонулган сүрөттөрдү текшергиле.
Материалда колдонулган сүрөттүн жаңылыктагы окуяга эч кандай тиешеси жок болушу мүмкүн. Аны үчүн ал сүрөттү Google сүрөттөр же Яндекс сүрөттөр аркылуу издеп көрсөңөр болот.
Бул эрежелердин бардыгын дайыма колдонуу мүмкүн эмес. Бирок өтө маанилүү жанылыктарды ушул талдоодон өткөрү туруу зарыл.
Негизи, ишенимдүү 1-3 маалымат булагын тандап алып, ошолордун жаңылыктары менен гана таанышып туруу көп учурда жетиштүү болот. 😀
#коопсуздук
__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо