Найти в Дзене

“Эллиндик” грек философ менен “варвар” кыргыз жоокери жоллуканда же “кафедра заседениеси”.

Бүтүп-бүтпөй турган диссертациямды "защита" кылмачымын деп, дулдундаган боюнча Москванын бир абажайына келип түштүм. Бирок башына түшсө байтал жорго дегендей, күндөп-түндөп көгөрүп отуруп, ишти бүтүрүп, философиянын тарыхы боюнча Москвадагы күчтүү кафедралардын биринде талкуудан өттүм жаттым.
Чынгыз Айтматов, Достоевский, кыргыз, орус, европа маданияттары жөнүндө жакшы талкуу болду, анткени тема ушулар жөнүндө. Диссертацияма арналган сын-пикирлер ар тараптан бир сааттан ашык айтылып жатты. Кээ бири чындыгында жан дүйнөмдү жарып өтсө, кээ биринен оолактап барып, быйтап кетип жаттым. Бозоргон боюнча кафедранын эшигин жаап чыктым да, болгон нерсенин баарын ойлонуп, бул жерде “столоваяда” иштеген кыргыз эженин чыйын ичип бир далай отурдум. Аңгыча илимий жетекчим келип “илимдеги “дедавщина” деген ушундай болот, бүткүчө дагы мындайдын далайын көрөсүн” – деп тамашалады.
Мерезденип отуруп аягында бу "мен эмнеге философияны окуп атканымды" же "дегеле кыргызга философиянын эмне кереги" бар деген ичте какшайып, өйүп бүткөн суроого жооп табылгансын баратты ("кыргызга философия керек эмей эле, азыркы философияга кыргыз керек окшойт" деп коем “эркек деп муну, ургаачы деп муну айтабыз” деген сыяктуу талаштарды угуп баштаганда. Аның сыңары бу орус Костя Куксин туура айтабы деп кетем “кочевники – это юность и будущее человечестваˮ дегенде).
Демейде Саветбек агайым менен жолугуп калганда "Сен кыргызга керексин" – деп мени ыңгайсыз кылмайы бар, "Уай агай, неге керекмин?" – дейм, колумдагы жыйырма сомду “маршуткага” берип жатып. "Керексиң дедимби, керексиң!" – дейт. Мен же “Лимонго” дембе-дем чыгып, көзгө көрүнөөр иш жазаган экономист, ITишник, куруучу же бизнесмен болбосом, "акылдуу болмокчумун" деп Аристотелдин артынан түшүп жүргөн жөнөкөй студент болсом, "ушу мен кантип кыргызга керек болоюн?" деп ойлойсуң да. Мүмкүн " жем чачпай бул неме кайда кеткен" деп үйдө калган жөжөлөрүмө көбүрөөк керектирмин деген апендичесинен өйдө-төмөн ойлор келет.
Бул жолку "заседениядагы" Айтматов тууралу талкуудагы өйдө-төмөн ойлорду угуп отуруп, болду болбоду "ушу бүгүн кыргызга философия керек экенин, анын артында болор болбос менин дагы керегим бар окшойт" – деген бүтүм чыгара салдым)).
"Философия дегендин бизге эмне кереги бар, андан көрө бир нан тапчу предметтерди көбүрөөк киргизиш керек" деген сымал ойлор биздин илим-билим жаатын башкарган чоңдордо анда-мында пайда боло калат. Мындайда философияны башкарган чоңдор тиги чоңдорго философиянын керек экенин көрсөтүп, мындай таризде жазып калышат "Философия студенттердин аң-сезимин, дүйнө таанымын кеңейтет жана башка, жана башка". Кээде ЖОЖдордо философиядан сабак берип жатып “ЖОЖдордогу философия сааттынын эң негизги бөлүгү кылып Төлөмүш атабыздын "Бакайдын жайытын" киргизип, анализ кылсак көп нерсе түшүнүктүү болобу” деп кетем дагыле, очкини өйдө түртүп: “Таак ребята, о чем я говорил? Аа, продолжаем говорит про теоритический и практический разум Канта...” – деп, даяр лекцияларды карай сала, чоңдор айткандай студенттердин аң-сезимин, дүйнө таанымын кеңейтип, «Ушу Канттын императивин эле билбей көргүлөчү, “зачет” койбойм”» – деп, алардын айласын алты кетирем...
Оюмча, бүгүнкү кыргыз философу - бул монах кийимин жамынган (костюм кийген), бирок түпкүрүндө баягы жылкы үстүндө, эркин мейкиндик менен жамаатташ жүргөн көчмөн жоокер! (демек потенциалдуу баатыр). Экөөнүн аткарган кызматы бир. Бекеринен Платон философтордун кастасын “стража” (сакчы) деп атабайт. Платон боюнча, кечке “бизнес” кылып, код терип чарчаган каста уктаганда, философ койкоюп “жумушка” чыгат.
Ат үстүнөн түшпөгөн көчмөн жоокер конушуна барып, Жакыпчасынан бүт дүйнөсүн дүйнө жыйнап, мал артынан гана жүрүп кала албайт. Андай жашоодон маңыз таппайт, канаттанбайт. Ал ар дайым ат үстүндө, эркиндикте, жоо бетинде жүрүп, тыңчы болууну каалайт. Анын сыңары монах кийимин кийип алган бүгүнкү кыргыз философу "окуп, жазгандан тажадым, айлыгым аз, бизнес кылмакчымын" деп опурулган боюнча кылган ишин таштап кетет. Бир жыл өтүп-өтпөй кылган баягы бизнесинен дайын жок, кайра эле "могу китеп жаңы чыгыптыр, албайлыбы, Москвадан кетчу кишилер болсо салып ий, ээ?" деп жүргөн болот.
Мен кыргызга эмнеге керекмин? Өзүн баягы көчмөн жоокер сезген, эркиндикти каалаган, элин сүйгөн, бирок жоокердигин өзүнүн конушунан эмес, тескерисинче өз элине ар тараптан курчап турган элдердин ичи-койнуна өз болуп кирип, алардын акыл-парасатын, оюн, максатын ичинен түшүнгөнгө аракет кылган монах-философ бул баягы - көчмөн жоокер, тыңчы! Жоокер акын боло албайт, жоокер ырдай да албайт, бул жагынан ага талант берилбеген, бирок жоокердин бир чоң жетишкендиги  ал кимди гана болбосун укканды билет, анын руханий бөксөөсү, байлыгы акындын комуз ырын ынтызаарлык менен укканда, манасчынын күпүлдөгөн манасын укканда, аксакалдын батасын алганда толот. Ушул руханий дүйнөсүн сүйөнүч кылып, Платондун “эллин” философу менен “варвар” көчмөн кыргыз жоокери көп кылым өткөн соң бир болсо ушул жерден жолугуп, күч сынашабы бейм. Биринчи жолугушууда Платондун алысыраак жээндери болгон Маркс менен Энгельс кыргыздарга тап бергенде, Ленин ортомчу боло калган жайы бар эмеспи. Алардын табы басаңдаган соң, биздин Дооронбек агайыбыздын алактысын Локк менен Поппер парламентте бир топ эле кетирген бейм. Антпесе, жүрөгү кайышкан Дооронбек агай "Качан бир айбаттууга тең болосуң... Калкым деп кан жөткүргөн балдарыңа, Кашайгыыр, качан арка бел болосуң"- деп бекеринен жазбаса керек да. Бирок азыркы жоокердин кылычы кынында, калеми колунда, андан улам оюн эрежеси эллинчесинен болоорун жакшы билет. Бирок ал монах өзүнүн башаты “Манас”, демек табияты көчмөн жоокер экенин, анан да кимдин жоокери экенин эч унутпайт. Лев Гумилев агабыз айтмакчы, библиотекада отуруп жоокердин “пассионары” кудай уруп кан басым көтөрүлгөндөй көтөрүлүп кеткен кезде, Актан агайчасынан күлүк аргымакты түн ичинде уурдап чыгып, ээн талада нары чаап, бери чаап, букту чыгырып, чыгарып, өзүн аз да болсо кентавр сезип алат. Эртеси койкоюп костюмун кийип, билмексен болуп университетине барып, Шайлообек агай аткандай “асманды сүйлөп”, Хайдеггер байкенин метафизикасынан кеп кылып, баягы Канттын “разумдарын”, “Ну что готовы?” – деп, кечинде мага аргымак уурдап мингенге жардам берем деп, мен окуткандай болбой, Канттын “практическийи” менен “теоритический разумдары” дал келбей, алмашып кетип, даярданбай келген студенттерден сурай баштайм. Сабак бүткөн соң бир шыпылдагы келе калып «Агай, кечиндеги “мощноˮ болду э, тиги ат, “ат” экен э? Сиз айткан Канттын императиви эмей эле, эркиндикти сүйүп, Сибирден жылт коюп кеткен Токтогулдун санаттары иштеп кетти го» - дейт. Бул баамчылдыгың менен сен жоокер болчу бала экенсин дедим да, ичимден беш миң сом айлык алып “госто” иштебей эле койдум, “американскийге” кетем деген күлүк оюмду бир саамга тизгин тарта, ооздуктап калдым...
Бүгүн элин-жерин сүйүү кыйкырык-ураанда да болбой, бир топ эле ыш болгон, бирок "отоплениясы" бар, атайын “чыныгы” жоокерлерге деп кыш менен салынган көп кабаттуу үйдүн ичинде, чай ичип отуруп алып, башка бирөө менен кагаз бетинде, диссертацияда тең ата сүйлөшө алууда дедим. Өткөн “заседениеде” философия, Айтматов кыргызга ошон үчүн керек деп ойлодум...

#самоирония