- Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсе бир киши дейт кыргызда, жолдош Платон, жол болсун, аман турасызбы, мал-жан, кол алдыңыздагылар аманбы!? Тээ сиздин алыскы жээниңиз Уайтхейт мырза айтып калат "Бу бүткүл Европа философиясы Платондун чыгармачылыгына комментарий" деп, аның сыңары сиз менен бетме-бет амандашуу биз үчүн ого эле сыймык.
- Бар бол, Чыңгыз иним, бар бол! Аман турабыз. Алыс жолдон аман-эсен келдиңби. Жолдон Зевс урган тиги варвар перстер токтотподубу (күлүп). Ал Уайтхейт жээним ошентип кээде көбүртүп-жабыртып коймою бар, англичандарды билесизда эми.
- Шекспирлер жөн жаралбады да аке (күлүп). Эллада мыкты өнүгүп жаткан экен Платон аке, Афина шаары биздин Фрунзедей кичирээк жана жашыл шаар, келген сайын шаар аралап, ырахат алам. Сиздин академияңыз дагы керемет, шаарга көрк берип, куп жарашып турат.
- Аның ырас, Чыңгыз мырза. Периклдын өткөн саясатынан кийин Афина көркүнө келип турат.
- Бизде мындайды "буржуазиялык" чарба деп, зекип келе жатпайбызбы, атаңгөрү. Унутуп бара жаткам экем Платон аке, бизде сиздин окуучуңузмун деген бир Арген деген иним бар. Жакында мен жөнүндө сиздин тил менен иш жазган экен. Көз жүгүртсөм чынында эле сиздин тилге салганга аракет кылыптыр. Алдын ала сизге бердирип жибердим эле, таанышып көрдүңүзбү, кандай дейсиз, бир нерсеге жарайбы?
- Алдын ала кечирим сурайм, катыңызды алганын алгам Чыңгыз мырза. Чынын айтсам, жашым өйдөлөп, мурдагыдай бат окуй албай калдым, андан сырткары менин академиямда Афинаны башкара баштаган "Даканса" аттуу партиянын ишинен кол бошобойт. "Академияң академия болбой эле саясый институт" болуп кетти деп, оң колум Аристотель иним дагы, Спартадан келген "проектердин" бирин утуп алып, өзүнчө лицей ачып, Эллиндиктерди "башкача ой жүгүртүүгө" үйрөттүгө мезгил келди деп бир, ак эткенден так этип алып кетип калды. Ал жок философияга тийиштүү иштер калып калып жатат. Убактым боло калганда, ал бок мурун иниңиздин ишин карап берейин. Сиз жөнүндө бүтүндөй Эллада кабардар, Чыңгыз мырза. Ыраматылык Сократ устатым сиз менен баарлашсам деп жүрүп өтүп кетти. Чындык, акылмандуулук дегенди билсе ошол билет, болбосо ат үстүндө жүрүп эле атагы Элладага чейин жетпедиби дечү эле, байкуш киши. Бул жолу Элладага жалгыз келбей, Саякбай аганы да ала келгениңиз туура болгон экен. Сиздердин келгениңиздерди Софокл менен Еврипид угуп, сый тамак ырастаган экен, жай отуруп, Сакемдин "Манасын" угалы, мен философ болсом дагы Гомердин "Илиадасынан" бир шиңгил аткарайын... А тиги бок мурун иниңиздин ишин өзүнчө, бул жака аралаштырбай, сиздердин орустарыңыздар айтмакчы "в рабочем порядке" карап берейин.
- Сыйыңыздарга ыраазыбыз, Платон аке. Улуу Сократ ага менен жолукпай калганыма мен да капамын. Акылмандуулук эмне экенин тескерисинче мен андан сурап, чер жазмак экенмин. Болбосо бизде дагы акыркы убакта чер жаза сүйлөшчү философтор да аз болуп кетти, Платон аке. Баарыбыз философиядан сөз баштаганда эле диалектик материализмден баштап, кайра ошондон эле бүтүрүп коюп жатабыз (күлүп). Орустар демекчи, биздин биринчи секретарь жолдош Никита Хрущев бүтүндөй Элладага, анын ичинде сизге өзүнчө салам-дубай жолдоду. Жакында боло турчу полистик визитинде Афина жана Спартада болууну жана социалистик идеяларды жекече үй-чарбасы менен кантип айкалыштырууну сиздер менен акылдашууну пландап жатканын айтты. Менин келишим жазуучу катары гана эмес, алдын ала дипломаттык мааниде да караса да болот го дейм. Ким билет, алдыңкы жылдары сиздердин өлкөгө дипломат болуп да келип каламбы.
- Чыңгыз мырза, андай болсо андан жакшы болбойбу, жай көрүшүп турат элек. Сиз үчүн Элладанын эшиги ар дайым ачык. Чыңгыз иним, ал саясатты коюңузчу, силерде айтмакчы ар бир нерсенин өзүнчө убакыт- сааты бар дегендей, андан көрө басалы, тиги эки трагик дос бизди күтүп атып, балее басып дагы бир трагедия болуп кетпесин, ансыз деле жетишет алардыкы. Мейманкадан Сакемди да ала кетели, чарчоосу кангандыр...