"Тойго барганда чогуу отурбайт, “семизсиң” деп менден уялат"
Күйөөм боюмда бар экенин билсе эле алдыртат. Ошон үчүн кичүү кызымды дагы айтпай жүрүп төрөп алдым. “Семирип кеттиң, фитнеске жазыл”,-деп, сегиз айга чейин байкаган эмес. Деги эле балалуу болгусу келбейт. А мен беш баланын энеси болууну кыялданам. Өзүм эки бир тууганмын. Бирок, байкемдин мени менен иши жок. Акча керек болгондо гана эстейт. Жалгыздыктан тажадым. Балким, ошон үчүн көп балалуу болгум келет.
Улуу балам онунчу, экинчиси сегизинчи класс, кызым жетиге чыкты.
Жакында жети жаштагы кызыма айттым. Аябай сүйүнүп, ичимди өпкүлөдү. Байкушум, сүйүнүчү койнуна батпай атасына айтып коюптур. Күйөөм, “чочкодой болуп төрөй бересиңби?!”,- деп жаман сөздөр менен урушту. Алдырбасам ажырашарын айтып кетип калды. Кудайга шүгүр, турмуш-шартыбыз жакшы. Мен өзүм дагы иштейм. Анан эмнеге мындай кылат?
Уулумду төрөгөндө суукка карабай больницадан үйгө чейин жөө алып барган. Элестеткиле, төртүнчү төрөт үйүнөн 10- микрорайонго чейин жаңы төрөлгөн баламды көтөрүп, халатчан барганмын. Кызымды төрөгөндө да келбей койгон. Айла жок байкеме чалып, алып кет дегем.
Балдарым жетим калбасын деп эле жашап жүрөм.
Сөгөт, басынтат, тойго барганда чогуу отурбайт, “семизсиң” деп менден уялат. Өзүм комузда ойнойм, ырдайм. Анан тойдон өнөрүмдү көрсөтсөм, үйгө келип алып, “эмнеге бузулган катындай болуп ырдайсың, бийлейсиң” деп ызы-чуу чыгарат. Ажырашканга макул болоюнбу? Айткылачы, суранам! Ажыраша турган болсом, үйдөн чыгып, балдарды алып кете беришимди айтты. балдарды алып кете беришимди айтты.
оюнбу? Айткылачы, суранам! Ажыраша турган болсом, үйдөн чыгып, балдарды алып кете беришимди айтты.