"Тойдо дагы жалжаңдап, оозу басылбайт" Аялым дасторкон даярдап жүрөт. “Эмне боорсок дагы жасадыңбы?” Жактырбай бурк эттим. Ананчы, карындашымды кызганып өрттөнүп жатсам. Болочок күйөө бала келмек. Үйдөгүлөр президентти тосчудай толкунданып алышкан. Таанышат имиш. Келсин, көрсөтөм ага. “Саламатсыңарбы, болочок туугандарым!” Аккордеонун көтөрүп алып ырдап кирип келди. Жалжаңдап оозу жабылбайт. Ар нерсени айтып элди күлдүрүп жатты. Ортодон апам менен атама жүгүнүп дагы жиберди. Кыскасы, менден башкасына жакты Той. Дагы эле жалжаңдап, оозу басылбайт. Досторум “күйөө балаң өзү эле тамада болчудай экен”,- деп күлүштү. Уялдым. Бирок сыр билгизбедим. Карындашым бактысын ушудан көрүп турса эмне кыла алмак элем. Жумушуман банкрот болуп, карызга батып кеттим. Айла жок, чет жакка кетиш керек болуп калды. Аялым дагы мени менен бара турган болду. Эки балабыз бар, бирөөсү алтыда, экинчиси үчтө. Ата-энем кары, небере караганда алы келбейт. Эмне кылсам? Сыртта ойлонуп отурсам, күйөө балам келип