Саламатсызбы! Жооп берип коюңузчу. Канадыгы цитомегаловирус инфекциясы (ЦМВ) вирусун кантип жок кылууга болот? Боюмда болот, бирок ай күнүнө жетпей төрөлүп же ичтен чарчап калат.
Эксперттин жообу Айпери Соурбекова
Саламатчылык. Кан аркылуу текшергенде цитомегаловирус инфекциясы (ЦВМ) ар дайым “бар” деп чыга берет, жок болбойт. Бул вирус 90% адамдарда бар. Эмнеден улам эрте төрөлүп же ичтен өлүп калып жатканын, кошумча анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтүп көрүүнү сунуштайм. Айына жетпей төрөлүп калуунун себептери: баланын тонунда, жатында сезгенүү болсо, жыныстык жол менен жуккан инфекциялардын болуусу, энедеги өнөкөт оорулар (кан басымдын жогорулашы, кант диабети, бөйрөк оорулары), ашыкча салмактуулук, стресс, жатын моюнчасынын бош болуусу, ж.б Кийинки кош бойлуулукту пландоонун алдында дарыгер менен кеңешип, анын көзөмөлүндө болуңуз.
Ден соолук каалайм!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова