Келгенден бери кайын энеме жакпай койдум. “Чынынын гүлү артты карап калыптыр, ордуна туура койбойсуңбу”,-деп эле артыман аңдып турчу. Шыпыргыны ордунан 10 см алыс жатып калса, болду согуш башталат. Башында кайын энемди түшүнгөнгө аракет кылып жүрдүм. Адам болгондон кийин, биздин деле чыдамыбыз түгөнөт экен “Менин жеңем сиз болосузбу?” Кирип келип эле бетимден өөп учурашты. Үйдөгүлөрдүн баарына белек алыптыр. Мени да унутпаптыр. “Сизге өзүм тандадым”,-деп кооз көйнөк берди. Аябай сүйүндүм. Азыр ошол көйнөктү кийип алып баян жазып отурам. Кайын энем өзгөрдү. Кылгандарыма мурункудай асылбай, кайра өзү жардамдаша турган болду. Башында маани берген жокмун. Себеби ачуу сөздөрүнө дале таарынычым бар эле. Бара-бара таптакыр башка адам болуп калды. Күйөөм жок күндөрү деле, “кызым” деп чакыра баштады. Бир күнү идиш жууп жатсам кайын иним келип, “жеңе, апамдын башы ооруп жатыптыр, барып кармалап берип коесузбу”,-деди. Барсам кайын энем телевизор көрүп отуруптур - Апа, башыңызды карма
Кайын иним кайын энем экөөбүздү жакындатуу үчүн бул ишке барыптыр .А чынында ит-мышыктай болуп эле жүргөнбүз.
17 августа 202017 авг 2020
75
1 мин