Найти в Дзене
sabil.news

ТАБЛИГ ЖАМААТЫНЫН ТАРЖЫМАЛЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕРИ

Бисмиллахир Рахманир Рахиим! ТАБЛИГ ЖАМААТЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕРИ Мехмет Челенк[1] Улукбек Каландаров Абстракт Жыйырманчы кылымдын экинчи чейрегинде Пакистанда пайда болгон таблиг жамааты дүйнөнүн эң кеңири тараган диний / маданий кыймылдардын бири болуп саналат. Ыйманды жаңылоо, таблиг рухун жайылтуу, Ислам дини тууралуу маалыматтарга ээ болуу жана аларды жайылтуу, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу жана башка ушундай сыяктуу аракеттерди өздөрүнүн негизги философиясы катары карманган бул жамааттын бүткүл дүйнө жүзү боюнча 70-80 миллиондун айланасында мүчөсү бар экендиги белгилүү. Активдүү саясий аракеттерден алыс болуу менен дүйнөнүн көптөгөн аймактарында өз ишин жүргүзгөн бул жамаат Советтер Союзу тарагандан кийин Орто Азия өлкөлөрүнө дагы кеңири жайылууга мүмкүнчүлүк алды. Таблиг жамаатынын Кыргызстанга келиши жана жайылышы өтө тез болду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын курамынан расмий колдоо тапкан бул жамаат бүгүнкү күндө өлкөдөгү активдүү кыймылд

Бисмиллахир Рахманир Рахиим!

ТАБЛИГ ЖАМААТЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕРИ

Мехмет Челенк[1]

Улукбек Каландаров

Абстракт

Жыйырманчы кылымдын экинчи чейрегинде Пакистанда пайда болгон таблиг жамааты дүйнөнүн эң кеңири тараган диний / маданий кыймылдардын бири болуп саналат. Ыйманды жаңылоо, таблиг рухун жайылтуу, Ислам дини тууралуу маалыматтарга ээ болуу жана аларды жайылтуу, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу жана башка ушундай сыяктуу аракеттерди өздөрүнүн негизги философиясы катары карманган бул жамааттын бүткүл дүйнө жүзү боюнча 70-80 миллиондун айланасында мүчөсү бар экендиги белгилүү. Активдүү саясий аракеттерден алыс болуу менен дүйнөнүн көптөгөн аймактарында өз ишин жүргүзгөн бул жамаат Советтер Союзу тарагандан кийин Орто Азия өлкөлөрүнө дагы кеңири жайылууга мүмкүнчүлүк алды. Таблиг жамаатынын Кыргызстанга келиши жана жайылышы өтө тез болду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын курамынан расмий колдоо тапкан бул жамаат бүгүнкү күндө өлкөдөгү активдүү кыймылдарын бирине айланган.

Ачкыч сөздөр: Таблиг жамааты, Пакистан, ыйман, Орто Азия, Кыргызстан

Киришүү

Мевлана Мухаммед Ильяс (1917-1965) тарабынан 1926-жылы Индо-Пакистан аймагындагы Делинин түштүк-батышында жайгашкан Меват деген жерде пайда болгон Жамаат-и Таблиг бүгүнкү доордун эң маанилүү феномендеринин бири болуп саналат. Аталган Жамаат-и Таблиг бул аты менен бирге Таблиг жамааты, Таблиг Тахрик, Тахрик-и Иман жана Диний Чакырык аттары менен дагы белгилүү (Ahsan, 1993, 293-б.).

XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында Индиядагы мусулмандардын индуизмге өтүп жаткандарынын саны барган сайын арта берген. Мына ошол аракеттерге каршылык реакциясын жаратуу максатында пайда болгон бул кыймыл, ааламдашуу доорунда индиялык мусулмандарды мусулманчылыктын баштапкы абалына кайтуулары зарыл деп эсептеген жана ал үчүн болгон аракетин жумшаган салафи мүнөзүндөгү Диобенди кыймылынын бир бөлүгү (Bozbey, 2011, 30-б.). Ал эми бир ишеним кыймылы катары аталган бул жамаат Диобенди адаттарынын активдүү өкүлү катары дагы кабыл алынат (Bayram, 2015, 390-415-бб.).

Саясаттан алыс болгон, негизинен эле, саясатты керексиз деп эсептеген жана саясатты динден ажыратуу мүмкүн экендигин жактаган алгачкы кыймыл болгон Таблиг жамааты түзүлүү этабында эле ыйманды жаңылоо, таблиг рухун жайылтуу, Ислам дини тууралуу маалыматтарды кеңири жаюу, жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу менен бирге өз ара жакшы көрүүнү, чын жүрөктөн чыккан сезимдер аркылуу биргеликте иштөөнү негизги принциби катары көрүшкөн. Динге негизделген мындай принциптерди карманган бул кыймыл Ислам дүйнөсүндө сан жагынан өтө көп болгон башка жамаат түзүлүштөрүнө окшошпогондугу үчүн мусулман жана мусулман эмес өлкөлөр тарабынан алардын ишине басым жасалбаган, ал гана эмес, колдоого алынган. Ал эми бул аракет, өз кезегинде, аталган кыймылдын дүйнөнүн ар тарабынан көптөгөн мусулмандарды өз ишине тартууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Бирок ибадаттар менен бирге саясий иш-аракеттердин болушун дагы жактаган Индо-Пакистандын төмөнкү бөлүгүнүн башка бир таасирдүү жана күчтүү тобу болгон Ислам Жамааты менен жок кылууга мүмкүн болбогон чыңалууну кошо жараткан (Ahsan, 1993, 294-б). Бүгүнкү күндө бул жамаат 150 өлкөдө өз иш-аракеттерин жүргүзүп келет жана анын активдүү мүчөлөрүнүн саны 70-80 миллиондун тегерегинде болгондугу болжолдонуп келет (Егоров, 2016, 5-б).

Таблиг жамааты өз иш-аракеттеринин принциптерин төмөнкү алты негиздин айланасында курган:

  • Тавхид келимеси жана таййиба: Ыймандын көрсөткүчү катары тынымсыз Аллахты зикир кылуу жана шахадат келимесин кайталоо, күнүмдүк жашоодо Аллага жана Анын Элчисине (с.а.в.) толук итаат кылуу (баш ийүү).
  • Намаз. Беш убак намазын туура окуу жана бул жолдо өз билимин ар дайым жаңылап, күнүмдүк жашоодо намаздын таасирин, натыйжасын көрүү.
  • Илим жана зикир: Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) жалпы адамзатка жол көрсөтүүчү катары эмнелерди алып келгендигин билбей туруп динди толук үйрөнүүгө болбойт. Буларды үйрөнүү жана башкаларга үйрөтүү ар бир мусулмандын милдети болуп саналат. Ошондуктан таңкы жана кечки намаз (шам) убактарында бир бөлүгү Исламдын негизги принциптерин үйрөнүү, зикир, намаз, истигфар менен өткөрүү керек.
  • Икром-муслим жана ихтирам муслим: Адамдарга карата сый-урмат менен мамиле кылуу жана жылуу-жумшак кайрылуу аркылуу жумшак мүнөздө болуу диний милдет  гана эмес,  динге чакыруунун таасирдүүлүгүн арттыруу үчүн зарыл болгон шарттардын бири болуп саналат.
  • Ыклас-ниет: Жүрүм-турум жасалмасы жок жана Алланын ыраазычылыгы үчүн болушу керек, дүйнөлүк пайда тууралуу ой болбошу дагы керек.
  • Тафриг убакыт: Дүйнөлүк тиричиликтен өзүн алыс кармап, таблиг иштери үчүн атайын убакыт бөлүү. Бул нерсе таблиг жамаатынын өздөрүнө таандык табылгасы жана эң негизги принциби болуп саналат (Ahzan, 1993, 294-б; Абдилдаев, 2017).

 Кыймылдын негиздөөчүсү Мевлана Мухаммед Ильястын айтуусуна караганда, ар бир мусулман башка мусулмандарга Ислам тууралуу эскертүүгө жана алардын дагы кабардар болуусуна салым кошууга жоопкер. Ошондуктан төмөнкү төрт принцип аталган кыймылдын бар болуу себеби катары кабыл алынат: а) таблигчи рухка ээ болуу жана аны жайылтуу, б) диний маалыматка ээ болуу жана аны башкаларга жеткирүү, в) жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу, г) буларды чын көңүлдөн сүйүү жана толук берилүү менен аткаруу (Bayram, 2015, 397-б.).

Түзүлгөн саясий системалар менен эч кандай пикир келишпестикке барбаган жана жергиликтүү диний түшүнүктөр менен аралашып кетүү тобокелчилигинен алыс болгон, жакшылыкка чакыруу менен эскертүү түшүнүгүн камтыган бул кыймыл дүйнөнүн көптөгөн жеринде калктын калың катмарына сиңип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Орто Азия өлкөлөрү да советтик системанын тарашынан кийин, башка мамлекеттерде болгондой эле, ири масштабдагы саясий, экономикалык, маданий жана диний кризиске учурады. Кыргызстан башында турган аймактагы өлкөлөргө ар тараптан ар башка диний көз караштарга ээ болгон жамааттар, эскертүү жана туура жолго багыт берүү максатында келген болсо, христиан дини сыяктуу диндер өздөрүнүн миссионердик жана пропогандалык иш-аракеттерин активдүү жүргүзө баштаган.  

Адистер таблиг жамаатына анын диобендилик тегине карабастан агрессивдүү болбогон, саясаттан узак болгон жана мусулман эместерге карата миссионердик иш-аракеттерин жүргүзбөгөн бир кыймыл катары аныктама берген (Barbara, 2002, 8-б.). Таблиг жамаатынын максаты, «кан төкпөстөн эскертүү жихады» аркылуу «үймө-үй» кыдырып Исламды жаюу болуп саналат (Абдиллдаев, 2017).  Абал мындай болгону менен, аталган кыймыл пайда болгон аймактан дагы, Ислам дүйнөсүнүн ар башка аймактарынан дагы бул кыймылдын диний көз карашына карата, билим берүү жана чакыруу ыкмасына карата, саясатка байланыштуу пикирлерине жана коом менен адам байланышы багытындагы аракеттерине карата да көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген. Элдин ичинен чыгып, кайра эле ошол элге карата диний агартуу иштерин жүргүзгөн таблиг түшүнүгү коомдогу калыптанып калган уламалардын иерархиялык түзүлүшүнө дагы коркунуч жаратып, уламалардын бийлигинин жана престижин төмөндөтүү коркунучуна алып келген. Ошондуктан бул кыймылдын өткөн доордогу эң негизги сынчылары уламалардан (Мевлана) болгон (Efe, 2002, 110-118-бб.).

Кыргызстанда ислам жана маданий абал

Сатук Бугра Хандын  (920-958) өкүмдарлыгы мезгилинде Фергана аймагынан баштап Орто Азиядагы түрк элдеринин баары акырындап мусулмандыкты кабыл алышкан (Cebeci, 2016, 104-б.). Бул абал кыргыздарга дагы тиешелүү. Болгону, Ислам дининин Орто Азия аймагында жайылуусу дароо болгон эмес. Тарыхый булактарда кыргыздардын качан жана кандайча Ислам динин кабыл алгандыктары тууралуу ачык жана жетишерлик маалымат жок дегенчелик аз (Ünal, 2010, 8-б.). Солтоноев, Эршахин, Эрдем, Эралиев, Дүйшөнбиев сыяктуу окумштуулар Карахан мамлекетинин аймагында жашаган айрым кыргыз урууларынын Ислам динин Х кылымдан баштап кабыл ала баштаганын айтышканы менен (Солтоноев, 1993, 135-б.) С. Мамбеталиев башында турган окумуштуулар кыргыздардын Накшибанди жана Кадири тарикаттарынын таасири менен XVI кылымдын аягынан кийин гана мусулман болгондуктарын айтышкан (Мамбеталиев, 1972; Монтеил, 1992, 25-б.). С. Закиров менен К.И. Петров болсо кыргыздардын XVI кылымдын аягынан баштап көчмөн турмуштун натыйжасында Теңир Тоонун аймактарына отурукташып баштагандан тартып Ислам динин кабыл алгандыгын жана исламдашуунун бул доорунда кыргыздардын башында турган башкаруучулардын өз бийликтерин улантуу үчүн жаңы бир идеологиялык мүмкүнчүлүк берген деген көз карашты бекем карманышкан (Калбердиев,  2010, 10-б; Закиров, 1960, 13-б.). Кыргыздардын исламдашуу процессине таандык башка дагы бир көз караш дагы бар. Анда исламдашуу процесси үч этаптан болгондугу тууралуу айтылат. Бул көз караш боюнча б.з. 751-жылы болгон Талас согушу Орто Азия элдеринин тарыхында бир бурулуш болгон. Себеби бул согушта Ислам дининин түрк элдеринин арасында өтө тез жайылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондуктан кыргыздар да башка кошуналары  сыяктуу Караханиддер (840-1212), Чагатайлар (XIII-XVII) жана Кокон хандыгы (XVIII-XIX) доорлорунда акырындап үч этапта мусулманчылыкты кабыл алышкан (Жусубалиев, 2016, 63-б.; Özlü, 2015, 100-б.). Жалпысынан алганда, кыргыздардын Караханиддер доорунда ал аймактарда болгондугун эске ала турган болсок, аз да болсо Ислам дини менен байланышта болгондугун айтууга болот. Адистер Ислам дининин айрым принциптеринин Орто Азияда жашаган түрк элдеринин ишенимдери менен дал келиши алардын исламды массалык түрдө кабыл алуусун жеңилдеткенин айтып келишет (Bennigsen ve Lemercier-Quelquejay, 1998, 271-272-бб.).   

Кыргыздардын исламдашуу процессине байланыштуу бири-биринен мынчалык айырмаланган жана мезгилдик жактан дагы бири-биринен узак болгон доорлордун кабыл алынышынын бир топ себеби бар. Советтик академияга таандык орус, кыргыз жана башка тарыхчылар бул багытта жаңылыш жоромолдорду айтып келишкендиги белгилүү. Ошондуктан Орто Азиядагы түрк элдеринин исламдашуу процесси тууралуу Жусубалиевдин пикирин кармануу дагы туура болуп саналат.

Түрктөр арабдар менен түздөн-түз байланыш кургандыктарынын натыйжасында исламды арабдардан жөнөкөй түрдө жана так өзүндөй кабыл алышкан. Бул абал алардын Ислам динин Пайгамбар (с.а.в.) алып келген негиздердердин айланасында жана сүннөткө ылайык кабыл алууларын камсыз кылган. Фикх жаатында Абу Ханифанын (699-767), ишеним (итикат) жана келам жаатында Имам Матуридинин (өл. 333/944) бул аймактагы таасирине байланыштуу түрктөрдүн диний багыты Ахли Сүннөт, Ханафи жана Матуридинин көз караштарынын айланасында калыптанган.  Мындай абал бүгүнкү күндө дагы өз үстөмдүгүн жоготпой келет. Экинчи жагынан алып караганда, Маверанахр аймагында Ахмед Ясави, Абдулхалык Гуждувани, Бахауддин Накшыбенди сыяктуу аалымдардын таасири дагы аталган аймактын тасаввуф жаатындагы диний маданиятынын түптөлүшүн камсыз кылган (Cebeci, 2016, 104-105-бб.).  

Орус падышачылыгынын бийилигинин таасиринин Орто Азияга чейин жайылышы бул аймактагы диний абалга дагы өз таасирин тийгизген. Орус падышачылыгынын жана cоветтик бийликтин мезгилинде (1917-1991) Орто Азия элдеринин диний ишенимдерине каршы катуу саясат жүргүзүлгөн. Падышачылык доордо кыргыздарды Ортодокс христиан динине киргизүү аракети көрүлгөн, бирок мындай аракет эч кандай натыйжа берген эмес. Советтер Союзунун диний көз карашы марксизмдин диндерге болгон көз карашына карата калыптанган (Bozbey, 2011, 21-б.). Советтик доордун алгачкы мезгилинен баштап жаңы, көп улуттуу элден турган өлкөнү куруу менен бирге, андагы элдердин этникалык айырмачылыктары менен бирге диний ажырымды жоготууга аракеттер көрүлгөн.

В.И. Ленин бийликте болгон мезгилде (1917-1923) дин саясатына салыштырмалуу бир топ жумшак мамиле жасалган. Бул «жумшак» мамиле бийлик башындагы лидердин саясат менен диндин ортосунда байланыш болбошу керек деген көз карашынан улам болушу мүмкүн. Бирок, кийинки мезгилдерде, 1920-жылдан баштап дин саясатына бир топ катаал мамиле жасала баштаган. Исламга каршы ар тараптан кысымдар башталып, медреселер менен мечиттер жабылган. Динге байланыштуу бардык иш-аракеттерге, китептерге тыюу салынган. Ошону менен бирге Советтер Союзу мамлекеттин саясий түзүлүшүнө ылайык системалуу түрдө атеизмди пропагандалоо жана башталгыч класстардан баштап ар бир советтик гражданды атеизмге багыттоо иштерин баштаган. Ошентип кыргыздар да башка советтик жарандар катары Советтер Союзу ыдыраган мезгилге чейин аталган дин саясатынын басымы алдында жашоого мажбур болгон. Бирок орустардын карамагына киргенге чейин бул аймактарда Ислам дини кеңири жайылгандыгына жана элге терең сиңип калгандыгына байланыштуу советтик доордо толугу менен жоголуп кеткен эмес. Тескерисинче, кыргыз эли жашырынып болсо дагы белгилүү бир деңгээлде динин ийгиликтүү сактап келишкен. Советтер Союзу тараган соң диний жаатта байкалган жандануу, активдүү иш-аракеттер мунун эң айкын далили болуп саналат. Советтер Союзунан кийин түзүлгөн Кыргыз Республикасынын демократиялык жана светтик саясий багыт алуусунун натыйжасында диний билим берүү мамлекеттен толугу менен ажырап, мамлекеттин негизги мыйзамдарына каршы келбөө шарты менен эркиндик берилген (Kılavuz ve Barlas, 2010, 11-б.).   

Дин эркиндиги тууралуу мыйзамдын негизинде өлкөдө эч бир дин мамлекеттик расмий дин катары кабыл алынбайт. Бул Кыргызстандагы жашаган бардык жарандардын укугунун бирдей деңгээлде корголгондугун түшүндүрөт. Эгер негизги мыйзамдарга каршы келбесе, мамлекет өз жарандарынын ибадатына же диний топтордун иш-аракеттерине кийлигишпейт. Анткен менен, кандайдыр бир мыйзамдын, укуктун же эрежелердин бузулушу каттала турган болсо, мамлекет зарыл болгон чараларды көрөт. Ошону менен бирге, эч бир диний программа же диний топ мамлекет тарабынан колдоого алынбайт жана аларга материалдык каражат бөлүнбөйт (Алимова, 2016, 133-б.). Башкача айтканда, «Мамлекет светтик эрежелерге ылайык дин саясатына кийлигишпейт, элге диний билим берүүдөгү муктаждыктарды каржылоодо жоопкерчилик албайт. Башталгыч жана орто билим берүүсү он бир жыл болгон мамлекеттик окуу программаларында түдөн-түз диний багыттагы эч бир сабак окутулбайт» (Cebeci, 2016, 113-б.). 

Советтик бийлик 1943-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний иш-аракеттери менен алектене турган бир диний башкармалык түзүүгө уруксат берген жана анын борборун Ташкент шаарында ачкан (Козукулов, 2015, 179-б.). Мунун негизги себеби – Совет өлкөсүндөгү калктын мусулман катмарын ошол мезгилде дагы эле уланып жаткан II дүйнөлүк согушка шыктандыруу болгон. Советтер Союзу тарагандан кийин бул дин иштери башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1993-жылдын 17-сентябрында Ташкенттен бөлүнүп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) деген ат менен өз алдынча бир башкармалык түзүүгө жетишкен (Козукулов, 2015, 181-б.). Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, КМДБ, (Муфтият) Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүндө Түркия Диянет иштери башкармалыгына окшош бир мекеме болбостон, толугу менен көз карандысыз болуп саналат (Sağlık, 2010, 14-б.). Дин иштери башкармалыгынын милдети, Кыргызстандагы диний чөйрөнүн алкагында ишеним (итикат), ибадат жана адеп негиздери менен тыгыз байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүү, диний багытта коомдо агартуу иштерин жүргүзүү, ибадат жерлерин көзөмөлдөө жана диний билим берүү иштерине багыт берип, башкаруу болуп саналат (Sağlık, 2010, 14-б.).  Муфтиятта мечиттер, медреселер жана билим берүү мекемелери, даават, фатва, укук жана катчылык бөлүмдөрү менен бирге, жакынкы мезгилде ачылган жаштар жана аялдар бөлүмү дагы орун алган (Козукулов, 2015, 185-б.). Учурда Муфтияттагы эң активдүү иш-аракеттерди аткарган бөлүмдүн бири даават бөлүмү болуп саналат.

Таблиг жамаатынын Кыргызстанга кириши

 Советтер Союзу тарагандан кийин динге болгон басым дагы жоголгон. Эгемендүү Кыргызстандын түзүлүшү менен бир топ тармакта баштапкы абалына кайтуу аракеттери башталган. Ошону менен бирге диний иш-аракеттер дагы жандана баштаган.  1991-жылдын 16-декабрында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган (Алимова, 2016, 132-б.). Бул мыйзам боюнча кыргыз жарандары кайсы динди тутунбасын, алардын эркиндиктери жана укуктары мамлекет тарабынан корголот.

 Айрыкча, өлкөнүн түштүк аймагында Ислам динин кайрадан жандандыруу багытында көптөгөн алгылыктуу аракеттер көрүлүп, жакшы жыйынтыктар алынган (Kılavuz ve Barlas, 2010, 11-б.). Өлкөдөгү диний жандануу жана динге байланыштуу мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдар ар кандай диний кыймылдардын, агымдардын өлкөгө кирип келишине жана өз иш-аракеттердин жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Кабыл алынган бул мыйзамдар башка тектеш түрк мамлекеттеринде болгондой эле, Кыргызстанда дагы Ислам динине өзгөчө маани берип келген. Ошондон улам өз жашоосуна Ислам динин киргизип, дин менен жашагандар улам барган сайын артып, Исламдын коомдук жана саясий жааттагы ролун дагы белгилүү бир деңгээлде өзгөрүүгө учураткан (Heyat, 2004, 276-б.). Ошентип тарыхтын барактарында унутулуп калган жана так маалымат булагы дээрлик жокко эсе болгон Исламдын коомдогу орду өтө кыска убакыт ичинде өзгөрүп, таасири арта баштаган. Кыргыз коомчулугунда көрүнгөн бул исламий жандануу, «ойгонуу» канчадан бери ортодогу пайда болгон диний боштукту бир мүмкүнчүлүк катары байкап жүргөн миссионерлердин дагы көз жаздымында калган жок. Өлкөдөгү саясий кысымдын жоюлушу, бир жагынан жашырынып иш жүргүзүп келген диний курстардын жана мечиттердин ачыкка чыгуусуна шарт түзгөн болсо, экинчи жагынан Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Азиядагы мусулман өлкөлөрүнөн келген расмий жана расмий болбогон диний идеологияларын жаюуга умтулгандардын дагы жолун ачып берип койгон (Bozbey, 2011, 23-б.). Мунун натыйжасында, советтик режимдин кысымы менен кыргыз коомундагы чектелген диний билим берүү жана маалыматтык база өтө тездик менен арта баштаган. Диний маалыматтарга болгон чектөөлөрдүн алынып салынышы менен адамдардын диндарлашуу процессине көмөк көрсөтүүгө аракет кылган, бирок диний багыттагы сапаттуу билим берүү иштерин жүргүзүү керекпи же жокпу – билбеген (Pay ve Kılavuz, 2009, 251-б.) Бул учурда жүз жылдар бою калк ичинде жашап келген Ханафи Матуридиликтин иш-аракеттери жана ага кошумча болгон сопулуктун толеранттуулук түшүнүгүнөн узак болгон көптөгөн агымдардын иш-аракеттери тездик менен жайыла баштаган. Сауд Арабиядан жана дүйнөнүн башка булуң-бурчтарындагы өлкөлөрдөн келген салафилик/вахабилик агымдар, Афганистандан чыккан талибандар, Пакистан, Индиядан чыккан диобендилер, Ирандан чыккан шии топтору жана Түркиядан келген башка жамааттар бул мезгилде Кыргызстанда өз ишин жүргүзгөн негизги топтордон болгон. Бул топтор даават кылуу, пропагандалоо, билим берүү, диний багыттарынын жана саясат менен болгон мамилесинин натыйжасында бири-биринен өтө айырмаланган методдорго ээ болуп саналат. Ар башка диний багыттарды төмөнкүдөй тизмелөөгө болот (Bozbey, 2011, 24-б.):

  • Саясаттан узак болуп, элге Ислам динин үйрөтүүгө аракет кылгандар.
  • Саясий күчкө ээ болуп, ошол саясий багытта акырындап илгерилөөнү максат кылгандар.
  • Халифалык же Исламга ылайык башкаруу жолун киргизүү үчүн учурдагы абалды күч колдонуу аркылуу алмаштырууну максат кылгандар.
  • Исламга ылайык башкарууну жактаган, бирок күч колдонууну максатына жетүүдөгү каражат катары карабагандар.
  • Америка, Европа же Россия тарабынан аша чапкандар жана күч колдонууну жактагандар катары күнөөлөнгөн диний уюмдар болгон сыңары эле, ошол эле жана башка ушуга окшогон мамлекеттер тарабынан тарапсыз мусулманчылыктын аймактагы символу деп көрсөтүлүп, колдоого алынган диний кыймылдар дагы бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ачык жана жашыруун түрдө исламды пропаганда кылган, диний багытта агартуу иштерин жүргүзгөн отуздан ашык исламий топ бар. Расмий жана расмий эмес жолдор аркылуу өздөрүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп жаткан мындай көптөгөн диний топтун айрымдары гана коомдун негизги бөлүгүнө кайрылып, элди өз ишине тарта алууда. Ал эми алардын ичинен эң таасирдүүлөрү болсо Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Орто Азияда иш-аракети жүргүзүп келген Хизбут Тахрир, таблиг жамааты жана салафилер сыяктуу топтор (Бугубаев, 2013, 5-б.).

Жогоруда аталган топтордун ичинен эң таасирдүүсү жана кеңири жайылганы таблиг жамааты болуп саналат. Таблиг жамааты эл ичинде көбүнчө «Дааватчылар» катары белгилүү. Кыргызстанда иш алпарган эң күчтүү жана эң кеңири тараган диний уюм болгон таблиг жамаатынын (Aydar, 2014, 13-б.) негизги максаты – өлкөнүн түндүк аймагында диний агартуу иштерин жүргүзүү. Себеби өлкөнүн түштүк тарабына караганда түндүк тарабында динге болгон кызыгуу бир топ төмөн (Rotar, 2008). Кийинчирээк жамаат өлкөнүн түштүк тарабында дагы ишин жүргүзүү менен Кыргызстандагы эң кеңири жайылган диний кыймылга айланган.  

Дааватчылардын алгачкы мууну Шри-Ланка, Пакистан жана Индиядан келген чет өлкөлүктөрдөн турган (Мурзахалилов, 2010, 186-б.). Чет жерден келген дааватчылардын негизги максаты – коомдун кеңири катмарына колунан келишинче динди жаюу эле. Чет өлкөдөн келгендер жергиликтүү элдердин тилин (кыргыз, орус) билбегендиктен, жанына дайыма тилмечтерди алып алышкан. Бир топ мезгилден кийин тилмечтердин жардамы менен элге кылган баяндар токтогон. Себеби бул жамаатка Пакистан менен Индиядан диний билим алган жергиликтүү жаштар дагы кошула баштаган. Иш-аракеттердин жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлүшү себептүү алардын жактоочуларынын саны арта баштаган. Бүгүнкү күндө өз иш-аракетин жүргүзгөн дааватчылардын арасында чет өлкөдөн мыкты билим алып келгендер дагы, бул багытта атайын бир билим албагандар дагы бар (Мурзахалилов, 2010, 186-б.). Таблиг жамааты башка диний топтор сыяктуу сырттан келген бир кыймыл болгонуна карабастан, өлкөдөгү аткарган диний агартуу жана диний билим берүү иштеринин жана башка иш-аракеттеринин натыйжасында толугу менен жергиликтүү түзүлүшкө ээ болуп, толугу менен жергиликтүү кадрлардан түзүлүп калган (Cebeci, 2016, 114-б.). Алар Сунни-Ханафи багытын карманып, калк менен жеңил эле тил табышып кетүүдө жана өлкөнүн ар бир бурчунда өз иштерин тоскоолдуксуз кеңири жүргүзүүдө.

            Жайылуу процесси, кризистик кырдаал жана мурунку калыбына келүү

Кыргызстанда диний билим берүү иштери, негизинен, мамлекеттик мекемелерден сырткары жерлерде, каалагандар катышууга мүмкүн болгон мечиттердеги курстарда же медресе деп аталган атайын диний окутуу мекемелеринде жүргүзүлөт (Pay ve Kılavuz, 2009, 250-б.).  Ошондуктан медреселер мамлекеттин уруксаты менен ачылып, кошумча билим берүү багытында иш алпарган жана диний билим алгысы келген жарандарга бул мүмкүнчүлүктөрдү сунуу менен муктаждыгын камсыздап келген маанилүү мекемелердин катарына кирет. 2017-жылдын көрсөткүчү боюнча алганда, Кыргызстанда Дин комиссиясынын каттоосунан өткөн жалпы 102 медресе болгон. Бирок алардын ичинен болгону 78и өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы, калганы ар кандай себептерден улам жабылып калгандыгы белгилүү (Орозбекова, 2017, 4-б.). Мындан тышкары, Кыргызстанда, жалпысынан алганда, расмий болбогон 95 медресе аныкталган (Эргешов, 2018). Ал эми 8 медресе болсо техникалык жана физикалык жактан талаптарга жооп бербегендиги үчүн тиешелүү мекемелер тарабынан жабылган. Ошондой эле бул багытта айрым мечиттерде диний билим берүү иштерин жүргүзгөн курстардын жана тар бөлмөлөрдө бейрасмий иш жүргүзгөн Куран курстарынын дагы болгонун белгилеп кетүү зарыл.  Аталган медресе жана Куран курстарынын өтө аз бөлүгү гана коюлган талаптарга ылайык шартта иш жүргүзүп келет. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын берген маалыматтарына караганда, бүгүнкү күндө бул медреселерде окуган окуучулардын саны алты миңдин тегерегинде болот. Бирок Орозбекова медреседе окугандардын саны бул менен чектелбей тургандыгын, бейрасмий курстарды кошуп эсептей турган болсок, бул сан бир топко арта тургандыгын белгилейт (Орозбекова, 2017, 4-б.). Кыргызстанда окуучулар медреселерге тогузунчу же он биринчи классты бүтүргөндүктөрү тууралуу күбөлүктү алып келүү менен гана кабыл алынат.  

Кыргыз Республикасы Советтер Союзу тарагандан кийин эгемендүүлүгүн алган башка Орто Азия өлкөлөрү сыяктуу эле саясат, экономика, билим берүү, коомдук жашоо жана маданий багытта  кайрадан калыптануу процессин башынан өткөргөн. Ошону менен бирге, бул мезгилде диний тармакта дагы кризистик жагдайлар жаралган. Мусулман кыргыз элинин баштапкы тарыхый баалуулуктарына кайтуу талаптары менен бирге узак убакыт бою советтик маданиятты өз жашоосуна сиңирип алган жана өзүн ал маданияттын бир бөлүгү катары сезип калган адамдардын ортосунда ар кандай көз караштар, пикир келишпестиктер болгон. Мындай руханий кризис маалында Кыргызстанга сырттан келген жамааттар да бул кризистин бир бөлүгү катары иш жүргүзө башташкан. Салафилердин мисалында көрүнгөндөй, жергиликтүү маданиятты капарга илбей, коом ичинде конфликт жараткан топтор бул мезгилде Орто Азия жана Кавказ элдеринин арасында терең кризистин жаралышына жол ачкан. Таблиг жамааты сыяктуу саясаттан алыс жана жергиликтүү маданият менен жуурулушуп иш жүргүзүүнү принцип катары көргөн топтор болсо туш болгон майда көйгөйлөргө карабастан, кыска убакыт ичинде жергиликтүү бийликтердин расмий уруксаты менен кеңири кулачын жайган массалык агартуу иштерин жүргүзгөн тармакты курууга жетишкен.  

Жаматтын пайда болгон жери Индиянын аймагында Ислам негиздерине басым жасалгандай эле, Кыргызстандагы жамаатка тиешелүү медреселерде дагы бир гана Ислам динине таандык сабактар окутулат. Бир жагынан алып караганда, медреселердин окуу программаларында, негизинен, XVIII-XIX кылымда окутулган окуу программасы колдонулуп келет. Болгону, жүз жыл мурун аталган аймактагы медреселердин окуу программасында бүгүнкү күндө окутулуп жаткан окуу программасынан айырмаланып, математика, география, физика, химия, астрономия, логика жана психология сыяктуу сабактар дагы окутулуп келген (Орозбекова, 2017, 9-б.). Бирок бүгүнкү күндө окутулган сабактар акайид, араб тили жана риторика, тафсир жана анын усулу, хадис жана анын усулу, фикх жана анын усулу деген сабактар менен чектелген. Башкача айтканда, көпчүлүгүндө коомдук илимдер жана педагогикалык сабактарды окутпастан, жогоруда аталган сабактарга гана басым жасап келишет. Натыйжада, жамаатка тиешелүү медреселерден баштап өлкө ичиндеги көптөгөн медреселердин окутуу программаларынын сапаты учурдун талаптарына жооп бере албай турганын айтууга болот. Мына ошондуктан, Кыргыз өкмөтү 2017-жылдан баштап өлкөдөгү диний билим берүү мекемелеринде, өзгөчө медреселерде, коомдук илимдер жана педагогикалык илимдерди камтыган сабактардын дагы окутулушун камсыз кылуу үчүн өз иштерин жүргүзө баштаган.   

Дааватчылар, негизинен, беш-алты кишилик топторго биригүү менен дааватка чыгышат. Топтордогу саны мындан бир аз айырмаланып турушу мүмкүн (Дооронбеков, 2009, 94-б.). Ал эми дааватка катышкандардын жаш курактык өзгөчөлүгү 16-70 жаш арасында болот. Ошентсе да, дааватка чыккандардын басымдуу бөлүгүн 19-45 жаш арасындагылар түзөт (Мурзахалилов, 2010, 187-б.). Үч күндүк, кырк күндүк же төрт айлык мөөнөт менен үч башка программанын негизинде жашкылыкка чакыруу ишине чыгышат (Cebeci, 2016, 144-б.).  Дааватчылар бөлүнгөн аймактын мечитине барышат да, ошол жерге жайгашат. Тамактарын дагы ошол мечитте өздөрү даярдап, эмне зарыл болсо, баарын ошол жерден аткарышат. Башкача айтканда, диний иш-аракеттен тышкары, эс алып, уктай турган жерлери дагы мечит болуп саналат (Дооронбеков, 2009, 94-б.). Анткени ар бир мечит таблиг жамааты үчүн ишмердүүлүгүн ишке ашыруучу жер болуп эсептелет (Cebeci, 2016, 114-б.).

Таблигчилер өз иш-аракеттерин системалуу ишке ашыруу жана аны дайыма уланта билүүлөрү үчүн өздөрү барган мечиттерде жана башка мекемелерде даават (жакшылыкка чакыруу) ишинин мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкү 20 шартты бекем сакташат:

  • Төрт нерсени сүйүп аткаруу:
  • Амирге итаат кылуу (баш ийүү): Ар бир адам ал топ үчүн тандалып коюлган башчысына (буйругуна) баш ийүү;
  • Түнкү тахажут намазын үзбөй окуу;
  • Парз намаздарын жамаат менен окуу жана парз намазындагы «такбируллахка» башкача айтканда, алгачкы такбирге жетишүү;
  • Ижтимаи амалда, башкача айтканда, жамаат менен аткарылган амалдарды, ибадаттарды калтырбоо (намаз, таалим ж.б.).
  • Төрт нерсеге аралашпоо:
  • Дааватта жүргөн мезгилде саясат иштерине кийлигишпөө жана саясат тууралуу сүйлөшпөө;
  • Мазхабдын иштерине кийлигишпөө, башкача айтканда, мазхабчылык кылбоо. (Бирок мындан улам таблигчилерди мазхабсыз экен же мазхабга каршы экен деп түшүнбөө керек);
  • Мечиттин ички иштерине кийлигишпөө;
  • Адамдардын, жамааттардын же болбосо, жалпы үммөттүн кемчиликтерин айтып шылдыңдабоо.
  • Төрт нерседен сактануу, аярлоо:
  • Дааватчылар барган жерде кандайдыр бир кемчилик болсо же бир нерсеге муктаждык болсо, жергиликтүү элден же мечиттин жамаатынан муну сурабашы керек. Алгач эки рекет намаз окуп, Аллахтан суроосу керек жана соңунда, өз мүмкүнчүлүктөрү аркылуу муктаждыктарын канааттандыруулары керек. Башкача айтканда, 3 күн, 40 күн жана 4 айлык даават үчүн сапарга чыккан учурда бардык муктаждыктарын каржылай ала турганчалык акча жана буюм-тайымдарын өз жанына алып жүрүүлөрү керек. Мисалы: идиш-аяктарын, азык-түлүгүн, төшөнчүсүн ж.б.

Бул принциптин негизги максаты, адамдар кандайдыр бир көйгөйгө бет келген кезде, алгач Аллахтан жардам сурап, андан кийин башкаларга кайрылуусун үйрөтүү болуп саналат.

  • Кимдир бирөөдөн (өзгөчө жергиликтүү калктан) эч нерсе күтпөө керек. Бир нерсе кылган учурда анын кайтарымын күтпөстөн, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылуу керек.
  • Бирөөнүн буюмун уруксатсыз албоо жана пайдаланбоо керек.
  • Ысырап кылуудан алыс болуу керек.
  • Төрт нерсени азайтуу:
  • Тамакты, тамактануу убактысын азайтуу керек, башкача айтканда, үч маал гана тамактанууга көнүү зарыл. Күнү бою аз-аздан ичип-жеп, күнүн ибадат менен өткөрүүгө көнүү керек.
  • Уйкуну азайтуу зарыл.
  • Мечиттен себепсиз сыртка чыгууну азайтуу керек.
  • Керексиз, пайдасыз, тыюу салынган сөздөрдү жана жүрүм-турумдарды таштоо керек, убакытты руханий пайда бербеген нерселерге коротпоо зарыл.
  • Төрт нерсени, амалды көбөйтүү:
  • Дааватты (жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну) көбөйтүү керек.
  • Таалим-мутаалимди, башкача айтканда, үйрөнүп-үйрөтүүнү көбөйтүү керек.
  • Зикруллахты, башкача айтканда, ар дайым Аллахты эстеп, зикир кылууну адат абалына алып келүү керек.
  • Кызматты көбөйтүү: Икром-муслим жана ихтирам-муслим амалдарын, башкача айтканда, мусулмандарга меймандостук менен, урмат-сый менен мамиле кылууну көбөйтүү. Адамдарга карата жумшак жана сый мамиледе болуу диний милдет гана болуп саналбастан, дааваттын таасирдүүлүгүн арттыруудагы зарыл болгон шарттардын бири болуп саналат. Башка адамдарын, өзгөчө кары адамдардын, кошуналардын, жакырлардын акы-укуктарын сыйлоо менен зарыл учурда алар үчүн өз укуктарынан баш тартууга даяр болуу керек. Кыскасын айтканда, негизги эрежелер өз ичине бардык нерсени камтып, тартипке салуу менен иш алпарууга шарт түзөт.
  • Чындыгында, көптөгөн өлкөлөрдө бул 20 шарттын ордуна 12 гана шарт колдонулат. Бул шарттардын 12 же 20 болуп колдонулушу болсо, өлкөлөрдөгү дин саясатына жана калктын диний абалына карата белгиленет. Айрым өлкөлөрдө бул жамааттын иш-аракеттерине тыюу салынышы жамааттын мүчөлөрүнүн ар кандай жолдорду издөөлөрүнө себеп болууда.

            Мисалы, мурунку советтик өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө таблиг жамаатынын мүчөлөрү өз иш-аракеттерин жашыруун түрдө жүргүзүшөт. Муну таблигчилер «Мекке усулу» деп коюшат. Себеби Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккеде Исламга жашыруун чакыра турган. Мединада болсо Исламга чакыруу иштерин ачык жүргүзгөн. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө мамлекет дааватка каршы чыгып, андай иш-аракеттерге тыюу салган болсо, даават иштери ал өлкөдө Мекке усулу аркылуу жүргүзүлөт жана, негизинен, үйлөрдө чогулушуп, жыйын кылышат. Эгер дааватчылар көчөлөрдү кыдырып, адамдарды мечитке эркин чакыра алган болсо, бул Медина усулу деп аталат. Мисалы, Түркия, Кыргызстан, Европа, Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөгү даават иштери Медина усулу аркылуу ишке ашат. Ал эми Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда Мекке усулу колдонулат.  

Табиг жамааты тууралуу изилдеген Батыштын окумуштуу адистери бул жамааттын иш-аракеттери тууралуу бири-биринен кескин түрдө айырмаланган аныктамаларды беришкен. Алсак, Ислам изилдөө адиси, атайын кызматтын мурунку мүчөсү Грахам Е. Фуллер таблиг жамаатын саясаттан узак, ар бир үйдүн эшигин каккылап, динди жаюуга умтулган бир топ катары баалаган болсо, Марк Гарборио булардын жихад жолу аркылуу дүйнөнү басып алууга аракет кылган бир уюм экендигин белгилеген (Егоров, 2016, 8-б.). Орто Азия өлкөлөрүнүн дин саясатына жана диний иш-аракеттерге болгон мамилесин карап көрсөк, бири-биринен өтө аз айырмаланган нерсени көрүүгө болот. Бул багытта Ахмет Иззет Бозбей төмөнкүдөй пикирин бөлүшөт:

«Кыргызстан менен бирге башка Орто Азия мамлекеттеринин да Ислам туурасындагы мамилесинде эч кандай көйгөй жок ойлобоо керек. Орто Азия мамлекеттеринин исламдык аракеттерге карата күмөндүү жана бир катар көйгөй жараткан мамилесин түшүндүрүп бере ала турган айрым факторлор бар. Бул факторлорду төмөнкүчө тизмелөөгө болот:  Орто Азиянын орток советтик тарыхы, Орто Азия өлкөлөрүндөгү демократиялык институттардын алсыздыгы жана колунда бийлиги болгон элиталардын автократиялык мүнөзгө ээ болгондугу, аймактын Афганистан менен географиялык жана этникалык жакындыгы жана эки аймактын ортосундагы экономикалык жана социалдык жактан өз ара таасир этүүсү, Орто Азияда саясий чектердин белгиленишинде этникалык чектердин көз жаздымда  калып калышы жана, соңунда, Орто Азия мамлекеттиринде көптөгөн сырттан келген диний топтордун, уюмдардын көзөмөлсүз эле өз иш-аракеттерин жүргүзүүсү» (Bozbey, 2011, 33-б.).

Бул жагынан Кыргызстандын диний кыймылдарга карата болгон мамилесин кошуна өлкөлөрдүн мамилесинен өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, бардык жагынан бирдей деп айтууга да болбойт. Себеби кошуна Өзбекстан жана Түркмөнстан менен салыштырып караганда, ортодогу айырмачылык Кыргызстандын Орто Азиядагы диний уюмдарга болсун, калктын саясий талаптарына болсун, салыштырмалуу бир топ эркин кармаган өлкө экендигин айгинелеп турат. Таблиг жамааты тууралуу болсо төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда бул жамаат коопсуздук жагынан потенциалдуу коркунуч жараткан топ катары каралып, ар тараптан кысымга алууга аракеттер көрүлүп келет (Мурзахалилов, 2010, 189-б.). Кыргызстанда болсо, өлкөнүн башкы прокурору тарабынан бул жамааттын иши 2009-жылы сотко өткөрүлүп, иш-аракетин кошуна өлкөлөрдөгүдөй бир коркунуч катары баалоого аракеттер көрүлгөн. Бирок мунун үстүндө дагы тереңден жана сапаттуу иликтөө, изилдөө иштерин аткаруу максатында аталган иш артка кайтарылган (Мурзахалилов, 2010, 189-б.). Бул жамааттагылар сырткы көрүнүшү, кийген кийимдери жана сакал койгону боюнча эл ичинде ар кандай терс пикирлерге, сындарга кабылып келет.

Кыргызстандын муфтиятынын 2012-жылдагы муфтийи болгон Чубак ажы Жалилов өлкөнүн медиасында өзгөчө орду бар «Азаттыктын» кабарчыларына бул жамааттын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылган. Кабарчылардын суроолорунан улам коом ичинде бул жамаатка каршы бир топ кооптонуулар бар экендигин түшүнүүгө болот. Мына ошол репортаждын текстти төмөнкүчө:

«Азаттык»: «Эл ичинде дааватчыларга карата болгон көз караштар бирдей эмес. Алардын үйлөргө чейин кирип келишине терс пикирлер айтылууда. Мындан тышкары, дааватка чыккандар ата-энелерин, бала-чакасын таштап коюп кетип калуусунда дагы бир топ жагымсыз нерселер бар. Бул абалды жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?»

Жалилов: «Бизге сөзсүз түрдө даават иштери керек. Ал гана эмес, дааватты кутулууга багытталган аракет деп айтууга болот. Себеби кумар оюндарына баш-оту менен кирип кеткендерди, аракечтикке берилип кеткендерди жана башка адамдын жан дүйнөсүн жабыркаткан ооруларга кабылган адамдарды куткаргандар, булар – дааватчылар. Албетте, иш-аракет болгон жерде кемчиликтер дагы болот. Бул кемчиликтерди жоюу максатында кыргыздарга ылайыктуу шартта даават кылуусу үчүн  да аракеттер көрүлүшү керек.  Бул үчүн бир жарым жылдан бери  атайын дааватчылар үчүн курстар уюштурулуп жатат. Мында дааватка чыга тургандардын билим деңгээлин дагы да арттыруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат».

«Азаттык»: «Дааватка кандай адамдар чыгуусу керек? Бүгүнкү күндө диний билими барлар дагы, жоктор дагы дааватка чыгууда».

Жалилов: «Албетте, даават бул илимди билгендердин иши болуп саналат. Билген адам чыгып сүйлөөсү керек. Ошону менен бирге, өз айткандарына өзү амал кылган, башкача айтканда, айткандарын өзү аткарган тажрыйбалуу адам болушу керек…. Ооба, учурда диний багытта билими болгондор да, болбогондор да, абактан жаңы чыккандар менен ичкиликти жаңы эле таштагандар дагы дааватка чыгып жатышат. Бирок муну практикалык исламдын бир сыноосу, тажрыйбасы катары кароо керек. Дааватка чыккан он адамдын бирөөсү илимдүү болсо, калган тогузуна көп нерсени үйрөтүп келет. Кыргыздарда «Миң уккандан бир көргөн артык» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, дааватка чыгуу менен адам исламдагы көп нерсени тажрыйба жүзүндө көрөт, өзү жасап үйрөнөт, дааваттын философиясын түшүнөт. Тажрыйба дагы өз натыйжасын берет. Ошондуктан дааватка чыккандардын баарын үйрөтө турган илимдүү адам түзүшү керек деп ойлобоо керек. Дааваттын ичинде үйрөнүү маселеси дагы бар» (Бактыбаев, 2012).

Бул баарлашуудан көрүнүп тургандай, Кыргызстандын муфтияты таблиг жамаатынын иш-аракеттерин мыйзамдуу катары кабыл алат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таблиг жамааты муфтияттын бир бөлүмү катары өз ишин улантууда. Бирок алардын иш-аракеттерине карата каршы пикирлер дагы болгондуктан, айрым чектөөлөрдү жана кошумча эрежелерди киргизишкен. 2003-жылдын 16-февралынан баштап даават иштери Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (КМДБ) тарабынан берилген уруксат барагы аркылуу гана жүргүзүлүп келет (Мурзахалилов, 2010, 188-б.). Ал эми 2009-жылдын 10-февралынан баштап КМДБ тарабынан дааватка чыга турган адамдар үчүн зарыл болгон нерселердин тизмеси түзүлүп, даават бөлүмү үчүн атайын эрежелер киргизилген.  Натыйжада, КМДБ тарабынан түзүлгөн шарттарга туура келген адамдар гана даават иштерин жүргүзө алат.

Таблиг жамаатынын ичинде 2009-жылы КМДБ тарабынан түзүлгөн бул эрежелерге баш ийбей, уруксатсыз даават иштерин жүргүзгөн бир нече дааватчы топ аныкталган. Аймактык ички иштер бөлүмү менен КМДБнын ыкчам аракеттеринин натыйжасында бул топ «Инкар йакынчылар» аттуу бир уюмдан экендиги тастыкталган. Инкар йакынчылар «Аллахтын динин жаюуну каалагандарга Аллах өзү жардам берет» деген ураандын негизинде расмий уруксат алууга жана материалдык каражатка муктаж эмес экендиктерин айтышат жана бара турган жерлерине заманбап унаалар менен жетип алуунун ордуна жөө барышат. Расмий эрежелерге баш ийбегендиктеринен жана ашыкча фанаттык көз караштарынан улам 2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Инкар йакынчылардын иш-аракеттерине тыюу салган. Бирок КМДБнын даават бөлүмү Инкар йакынчылардын мындай аракеттеринин коомго жана мамлекетке эч кандай зыяны тийбей турганын, учурдун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануудан баш тарткандарынан өздөрү гана зыян тарта тургандыктарын билдиришкен. Мамлекеттин көзөмөлүнүн жана КМДБнын даават бөлүмүнүн аракеттеринин натыйжасында аз сандагы бул топтун мүчөлөрү бүгүнкү күндө дааватчылар сыяктуу негизги эрежелерге ылайык өз иштерин жүргүзүп келет (Эсеналиева, 2016).

Даават иштеринде активдүү милдет ала турган адамдар алгач КМДБга уруксат алуу үчүн кайрылуулары керек. Дааватты болсо бара турган жердин казысынын жана башкы имамдарынын көзөмөлү алдында жүргүзүүлөрү керек болот (Мурзахалилов, 2010, 188-б.). Дааватка чыга турган адамдардын аты-жөнү жана башка зарыл болгон маалыматтар каттоого алынып, тиешелүү тарапка уруксат алуу үчүн жиберилет. Аталган кайрылууга муфтият тарабынан уруксат берилген соң гана алар дааватка чыга алышат. Мындан тышкары, дааватка чыга тургандарга муфтият тарабынан дагы, мамлекет тарабынан дагы эч кандай каржылык жактан колдоо көрсөтүлбөйт. Ошондуктан дааватка чыга турган адам бардык чыгымдарын өздөрү каржылоосу керек болот.

Белгиленген эрежелерге ылайык, дааватка чыга турган адамдын төмөнкүдөй маалымдамалары болушу шарт:

  • Ички иштер бөлүмүнөн маалымдама (1-маалымдама);
  • Жашаган аймактын имамынан тиешелүү багытта жетиштүү деңгээлде билими болгондугу тууралуу расмий маалымдама (2-маалымдама);
  • Үй-бүлөсүнүн уруксаты (3-маалымдама);
  • Паспорту же өздүгүн тастыктаган кайсы бир документи;
  • Чет жердин маданиятын чагылдырган кийим кийбей тургандыгы жана тазалыгына дыккат көңүл буруусу.

Тизмедеги бешинчи эреже эл ичинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жамааттын мүчөлөрүнүн тышкы көрүнүшүнө карата элдин терс реакциясынан улам кабыл алынгандай тааасир калтырат. Алардын сырткы көрүнүшү, негизинен, шымдын үстү жагына  кийген узун көйнөгү жана узартып коюп алган сакалынан улам белгилүү. Кийген кийимдери бул кыймылдын чыккан жери болгон Индияда кийилген кийимдерди эске салат. Эл ичинде «эркек адам тизесине чейинки узундукта кийим кийсе болот, андан узун кийим кийбейт» деген жергиликтүү түшүнүктөн улам бул кийимге (1-тиркеме, сүрөттө көрсөтүлгөн) карата терс пикирлер айтылууда. Сакал маселеси дагы ушуга окшогон түшүнүккө, тагыраак айтканда, менталитетке байланыштуу жана эч кандай формага келтирбестен, кандай өссө ошондой жүрө бергендиктеринен улам ар кандай талкууларга жана сындарга жол ачып жатат. Сакалга байланыштуу башка бир маселе, жапжаш болгон дааватчылардын сакал коюп алгандагысы. Себеби бул жагдай кыргыз маданиятында мурун болбогон бир көрүнүш болуп саналат. Кыргыздарда илгертеден эле сакалды алтымыш жашына келген эркектер коюп башташкан. Ошондон улам карыган эркектерди «Аксакал» деп аташкан. Кыргыздарда сакал койгон карыяларды «аксакал»  деп атоо азыркы учурда дагы бар. Орто жаштагы кыргыздын эркектери болсо, кааласа мурут коюшкан. Кыргыздардын турмушунда колдонулуп келген мындай түшүнүктөрдөн жана тажрыйбалардан улам дааватчылар коом ичинде дайыма ар кандай сын-пикирлерге кабылып келет. Кыргызстандын муфтияты дагы аталган маселелердин негизинде дааватчылардын кийимдерин жана тышкы көрүнүшүн кыргыздын маданиятына (3-тиркеме, сүрөттө көрсөтүлгөн) ылайык келген түрдө болушу шарт деген талап койгон. Бирок бул эрежелер ушул убакка чейин толугу менен колдонууга кирбеген, дааватчылар ошол эле болгон кийимдери менен өз иш-аракеттерин жүргүзүп келет. Бул эрежелерди кабыл алуудагы негизги максат – таблиг жамаатынын иш-аракеттерин муфтияттын карамагына жана көзөмөлү алдына алууну камсыз кылуу.  Албетте, бул абал кыргыз коомчулугундагы динди жаюу жана диний агартуу иштерин туура жүргүзүү багытында жасалган бир стратегия катары каралышы керек. Сырткы көрүнүшкө көңүл буруу маселеси дагы, негизинен, коомчулук тарабынан келген терс багыттагы сын-пикирлерди жана чыңалууну жоюу максатын көздөгөндүгү анык.

Маалымдама №1 Ишки иштер бөлүмүнөн маалымдама

Маалымдама №2 Жашаган аймактын башкы имамынан берилген тиешелүү багытта билим деңгээлинин жетиштүү болгондугу тууралуу маалымдама

Мында аты жазылган адамдардан тышкары эч кимдин бейрасмий дааватка чыгуусуна уруксат берилбейт. Уруксатсыз чыгып алып, даават иштерин жүргүзгөндөр үчүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы эч кандай жоопкерчилик албайт[2].

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы жергиликтүү бийликтен эрежелерге баш ийүү менен даават кылгандарга колдоо көрсөтүүсүн суранат[3]. Казыларга жана расмий дин адамдарына жогоруда аты аталган дааватчылардын дааваттагы иштеринде жана турак жай табуу маселесинде көмөк көрсөтүүлөрүн, эгер эрежелерге каршы келе турган иштерге барганын байкаган болсо, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына билдирүүлөрүн өтүнөт.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан дааватчылар бир гана аймакка жөнөтүлөт. Дааватчылардын уруксат кагаздары Кыргызстандан башка өлкөлөргө дааватка чыгууларына уруксат бербейт.

 КМДБнын даават                                                     Сайпиев Билелидин ажы (даават бөлүмү) бөлүмүнүн бөлүм башчысы                     __________________________________________

Маалымдама № 3 Үй-бүлөсүнүн уруксат кагазы

Мына ушундай жол менен таблиг жамаатынын иш-аракеттери мамлекет тарабынан өлкөнүн шарттарына ылайык абалга келтирилип, муфтиятка караштуу болушу камсыздалган. Бүгүнкү күндө бул кыймыл өлкөнүн бардык аймактарында өз иш-аракетин кеңири жүргүзүп келет. Соңку жылдары дааватка чыккандардын саны дагы артып барат. Дааватка чыккандандын арасында катардагы диндар / консерватор адамдар менен бирге соодагерлер, маданият чөйрөсүнүн адамдары, илим адамдары жана студенттер дагы кездешет (Абдылдаев, 2017, 3-б.). Таблиг жамаатынын Кыргызстандагы иш-аракеттери тууралуу Кыргызстандын баш муфтийи Мураталы ажы Жуманов журналисттерге мындай деген пикирин айткан:

«Таблиг жамаатынын мүчөлөрүнүн кийген кийимдери кыргыз маданиятына каршы келет. Ошол эле учурда, баарынын тышкы тазалыкка көңүл буруу зарылчылыгы менен бирге, айрымдарынын билим / маданий деңгээлинин жетиштүү болбогондугу сыяктуу кемчиликтери да бар. Бирок дааватчыларды террорист тобу катары кабыл алуу да туура эмес. Кайсы бир жамаатты фанатизм, терроризм менен күнөөлөөдөн мурун ага тиешелүү далилдердин болушу зарыл. Мен дагы бул жамааттан исламга жана Ислам принциптерине каршы келген кандайдыр бир аракеттерди көрө албадым. Буларды туура жолдо максаттуу пайдалануу максатында муфтиятта даават бөлүмүн ачтык» (Бактыбаев, 2009).

 Жогоруда айтылгандай, таблиг жамаатындагыдар үч күндүк, кырк күндүк жана төрт айлык мөөнөт менен үч башка маалда даават иштерине чыгат (Cebeci, 2016, 114-б.). Дааватка эркектер менен бирге аялдардын дагы чыгуусун «мастурат жамаат» деп аташат. Аял дааватчылардын жанында күйөөсү, атасы же бир тууганы болушу шарт. Аял дааватчылар даават мөөнөттөрү (мастурат) үч же беш же кырк күн болот. Аялдардан турган даават жамааттары, негизинен, төрт-беш түгөйдөн, башкача айтканда, сегиз-он адамдан турат. Аялдардын дагы дааватка чыгуусунун негизги максаты – барган жериндеги аялдарга «диний маалыматтарды жеткирүү» болуп саналат. Мастурат жамааты катарында чыккан топтун эркектери барган жердин мечитинде калышат. Аялдар болсо атайын бөлүнгөн үйдө калышат жана жергиликтүү аялдарды ал жерге чакырып, ошол жерден динге даават кылышат. Дааватчылар барган жерлерде үймө-үй кыдырып, мечитке келгендиктерин билдиришет. Кийин мечитке намаз окууга чогулуп келгендерге дагы даават угуу үчүн бир аз убакыт бөлүүсүн суранышат. Намаздын дубалары бүткөндөн кийин мечитте калгандарга Ислам дини тууралуу колдорундагы китептен аят же хадис окуу менен бирге баян кылышат (Аydar, 2014, 515-б.).  

Даават ар бир адам үчүн бир билим булагы болуп саналат.  Бул мезгил ичинде адам напсисин жеңүүгө, сабырдуу болууга үйрөнөт. «Эгер эки киши болсоңор да, араңардан бирөө амир болушу керек, болбосо аларга шайтан амир болуп алат» деген маанидеги хадистин негизинде дааватчылардын ичинен бир амир тандалат. Амир топтун ичинде ар кимге милдеттерди бөлүштүрөт жана топтун мүчөлөрү тартипке ылайык, бардык нерсе үчүн амирден уруксат алат. Амир – символикалык бир кызмат жана милдет. Себеби дааватчылар ар бир ишти кеңешип кылышат. Даават мезгилинде таңкы намаздан куптан намазга чейин эч бир мүнөт дагы бошко коротулбайт. Ар күнү багымдат намазынан кийин кеңешме болот, кызматчы жана таалим берүүчүлөр дайындалат. Саат 10:30-13:30 арасында таалим болот. Түшкү намаздан кийин хадис окуй турган адам белгиленет (бир хадис эки жолудан окулат). Түшкү тамактан кийин кайрадан кеңешме болот. Бул кеңешме жаңы келгендердин жана үйрөнчүктөрдүн үйрөнгөн негизги диний маалыматтарын (абдест алуу, намаз, дуба ж.б.) бышыктоо, бекемдөө максатында жасалат. Аср намазынан кийин үймө-үй кыдырып, эркектерди мечитке жана намазга чакырышат. Шам намазынан кийин дааватчылардын бирөөсү мечиттеги жамаатка баян кылат. Мындай аракеттер даават мезгилинде ар күнү кайталанып турат. Чынында, даават белгилүү бир мезгилде эмес, өмүр бою аткарыла турган бир ибадат болуп саналат. Дааваттын үч күн, кырк күн жана төрт ай түрүндө ыраатталышынын дагы таблиг жамааты үчүн өзгөчө бир мааниси бар. Бир айда 30 күн бар болсо, анын ондон бирин (1/10) дааватка арнаганда, ал жогоруда айтылган үч күнгө туура келет. Ошондо бир айдын үч күнүн Ислам динин үйрөнүү жана үйрөтүү үчүн коротуп, калган 27 күнүн башка иштер (үй-бүлө, иш, окуу ж.б.) үчүн жумушоого болот. 40 күн болсо, жалпылап алганда, 365 күндүн ондон бири (1/10).  Кырк күн бир этап. Мисалы, түйүлдүктүн ар бир кырк күндө бир этабы толук аягына чыгат. Төрт ай адамдын жашоосундагы маанилүү этап болуп саналат, 4 айда адам толугу менен напсисин сындыра алат (Бапаева, 2013).  

Таблигчилердин даават үчүн колдонушкан негизги китеби Шейх Мухаммед Закариянын Эратов Равшан жана Досматов Акылбек тарабынан которулган «Фазаил Амал» деген китеби. Китепте Куран, намаз, зикир жана дааваттын пазилеттери тууралуу жазылган (Uyanık, 2007,  207-208-бб.).

Бул китеп таблигчилердин колдонгон китептеринин сап башында турат. Мындан тышкары, дааватка чыккандар төмөнкү китептерди дагы көп колдонушат. Бул китептердин баары жамаатка тиешелүү адамдар тарабынан жазылгандыгын жана которулгандыгын айтууга болот. 

Таблиг жамаатынын даават учурунда көп колдонгон жана баяндарда пайдаланган, «Фазаил Амал» деген китеп башында болгон бардык китептерге карата ар кандай сындар айтылып келет. Себеби, биринчиден, китепте бир топ ишенимсиз булактардан алынган хадистер берилген. (4-тиркеме, сүрөттө көрсөтүлгөн). Экинчиден, пайдаланган ыкмалардын эски болушу жана Ислам дүйнөсүнүн күнүмдүк маселелерин чечүүдө чабал болушу да жогоруда айтылган сындарга жол ачууда. Дааватчылар дааватка чыгар алдында өздөрүнүн билим деңгээлин арттыруу жана дааватка тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн тез-тез чогулушуп турушат. Төмөндөгү сүрөттөр (2-тиркеме, сүрөттө көрсөтүлгөн) ар башка мезгилдерде өткөрүлгөн чогулуштарга ишарат кылат.

Жыйынтык

Таблиг жамааты Кыргызстанга эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кирип келген. Башка диний уюмдар сыяктуу негизги очогу сыртта болгону менен өлкөдөгү өкүлдөрү аркылуу толугу менен жергиликтүү түзүлүшкө ээ болгон. Саясий талаптардын болбогону, жергиликтүү маданияттын элементтери менен жуурулушуп кетиши, агрессивдүү иштерден узак болгону таблиг жамаатын башка диний уюмдарга караганда бир топ артыкчылыкка ээ кылган. Кыргызстандын муфтиятында ачылган даават бөлүмү аркылуу өз иш-аракеттерин жүргүзүүсү коомдун аларды кабыл алуусун жеңилдеткен. Таблиг жамааты ээ болгон бул артыкчылыктарга карабастан, баары бир ар тараптуу сындарга кабылып келет. Таблиг методдорунун салтка таянышы, пайдаланган негизги булактарынын илимий жааттан чабал, башкача айтканда, ишенимдүү болбошу, Ислам дүйнөсүнүн жана мусулман элдеринин күнүмдүк көйгөйлөрүн түп-тамырынан бери чечүүгө багытталган сунуштарынын болбошу, тазалык жагынан алып караганда, дааватка чыккандардын тышкы көрүнүшүнүн, кийим-кечесинин этикалык талапка толук жооп бербегени эң көп сынга алынган жагдай болуп саналат.  

Ошого карабастан, таблиг жамаатынын Кыргызстандын аймактарында өз принциптеринин негизинде ийгиликтүү болгонун айтууга болот. Ал эми жамааттын жергиликтүү элдин дин, маданият жана мазхаб түшүнүгү менен пикир келишпестиктерге баруудан толугу менен узак болгондугу, эч күмөнсүз, эң башкы себеби болуп саналат.

Колдонулган булактар

  • Абдилдаев, К. (2017). Таблиг жамаатынын Кыргызстандагы иш-аракеттери – III Эл аралык студенттик симпозиумда сунулган билдирүү. Стамбул.
  • Алимова, К.Т. (2016). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дин саясаты, Вестник КНУ, 3(87), 131-145-бб.
  • Бапаева, Ж.М. (2013). Кыргызстанда дааватчылар (Таблиг жамаатынын мүчөлөрүнүн) иш-аракеттери, XXI Йүзйыл институту, Түркия. Алынган дата: 10.09.2018, 21yyte.org/uzmanlar/janyl-myrza-bapaeva
  • «Азаттык» радиосу, (2012) Чубак ажы Жалилов: Диний жиктелүү коркунучтуу. Алынган дата: 15.10.2018,

http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_religion_islam/24505273.html

  • Бугубаев, К. (2013). Исламдын Орто Азия жана Кыргызстандагы динамикасы. Uluslar Arası Stratejik Bakış Enstitüsü Dergisi, 1-15.
  • Егоров Е.Н. (2016). “Движения “Таблиг Жамаат”: Идеология и специфика деятельности”, Дагестанский Государственный университет, Исламоведение, 7(3), 5-16.
  • Жусубалиев, Али. (2016). Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы, Түркия Диянет фондунун жана ОшМУнун теология факультетинин басылмалары – 14, Бишкек.
  • Дооронбеков, Р. (2009). Кыргыздардын Ислам динин жайылтуу методдору (ОшМУ, Арашан гуманитардык институту, теология факультети, Бүтүрүү дипломдук иши) Бишкек.
  • Эсеналиева, К. «Инкарчылар» – Коомго коркунуч жаратабы? же «Көзү тосток бакабы?», Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти, 27-июнь, 2016-жыл, http://aimakpress.kg/
  • Кайыпбердиев, А. (2010). Кыргыздарда Аллах түшүнүгү (Доктордук диссертация, Анкара университети, коомдук илимдер институту, Анкара).
  • Козукулов, Т. (2015). «Кыргызстанда диний уюмдашуу жана коом», Агры Ибрахим Чечен университети, Коомдук илимдер журналы, 1 (1), 177-209.
  • Мамбеталиев, С. (1972) Суфизм жана анын Кыргызстандагы кадамдары,  Фрунзе.
  • Мурзахалилов, К. жана Арунов, М. (2010). «Движения «Таблиги жамаат» в Кыргызстане: Особенности деятельности и возможности последствия для Развития религиозной ситуации в рсепублике». Центральная Азия и Кавказ. 13, (3), 185-192.
  • Орозбекова, Ч. (2017). Кыргызстандагы диний билим берүү: Медреселер чукул реформага муктаж, Bulan İnstitute for Peace İnnovations. Алынган дата:03.2018, http://bulaninstitute.org/wp-content/uploads/2017/04/Report-in-Kyrgyz-final-1.pdf.
  • Пресс KG. (2009). Диний маек: Дааватчыларды экстремисттик топ деп эсептөө туура эмес. Алынган дата: 20.12.2018, ( http://www.presskg.com/nazar/09/1002_5.html)
  • Солтоноев, В. (1993). Кызыл кыргыз тарыхы. Мамлекеттик «Учкун» концерни.
  • Эргешов, З. (2018). Диний билим берүүнү иретке келтиребиз. Bulan İnstitute for Peace İnnovation. Алынган дата: 15. 11. 2018, http://bulaninstitute.org/interviewwith-ergeshov/

Чет тилдиндеги колдонулган адабияттар

  • Ahsan, M. (1993). Cemâat-i Teblîğ. DİA, 7, 293-294.
  • Barbara, M. D. (2002). Traditionalist” Islamic activism: deoband, tablighis and Talibs, Leiden ISIM, 1-24.
  • Bayram, A. (2015). Büyük Britanya’daki İslami akımlar. İslam Medeniyeti Araştırmaları Dergisi, 1(3), 390-415.
  • Bennigsen, A. ve Lemercier-Quelquejay, Ch. (1988). Sufi ve Komiser Rusya’da İslam Tarikatları (O. Türer çev.), Ankara.
  • Bozbey, İ. A. (2011). Quo vadis Kırgızistan?: Sovyet sonrası Kırgızistan’da İslami hareketler, OAKA, 6(11) ,18-50.
  • Cebeci, S. (2016). Kırgızistan’da Dini Durum ve Sovyet Sonrası Dini Gelişmeyi Besleyen Etkenler, Manas Sosyal Araştırmalar Dergisi, 5(3), 103-117.
  • Efe, F. (2002). Cemaat-i Tebliğ, doğuşu ve kendisine yöneltilen eleştiriler. İslam Araştırmaları Dergisi, 8, 110-118.
  • Heyat, F. (2004). Re-islamization in Kyrgyzstan: Gender, New Poverty and the Moral Dimension, Central Asian Survey, 23(3-4).
  • Hidayet, A. (2014). “Kırgızistan’da dindarlaşma tirendi; problemler, öneriler”, Türk Dünyası bilgeler zirvesi: gönül sultanları buluşması, 26-28 Mayıs 2014, Eskişehir, ss. 497-536.
  • Kılavuz, Akif, Barlas, F. Betül, (2010). “Dünden Bugüne Kırgızistan”, Avrupa Diyanet Aylık Dergisi, S. 136, ss. 10-12.
  • Monteil, V. (1992). Sovyet Müslümanları (M. Çamdereli çev.) İstanbul.
  • Pay, S. ve Kılavuz, A. (2009). Kırgızistan’da Bir Din Eğitimi Kurumu: Medreseler, Uludağ Üniversitesi İlahiyat Fakültesi Dergisi, 18(1), 247-278.
  • Rotar İ. (2008). “Pakistanskiy islam v Tsentralnoy Azii: missionerstvo ili podrıvnaya deyatelnost?”, Nezavisimaya gazeta « Religiya»
  • Sağlık, F. (2010). “Kırgızistan’da Dini Hayat”, Avrupa Diyanet Aylık Dergisi, S. 136, ss. 13-16.
  • Uyanık, M. (2007). “Kırgızistan’da Dini Hayat ve İlahiyat Öğrenimin İşleri”,
  • Uluslar arası Globalleşme Sürecinde Kırgızistan’da Din Bilimleri ve Ahlak Bilgisi Öğretiminin Meseleleri Sempozyumu 21-22 Mayıs Bişkek, 193-204.
  • Ünal, M. (2010). Şemsettin, “Kırgızistan Tarihi”, Avrupa Diyanet Aylık Dergisi, 136, 5-9.

Наш сайт: sabil.news