Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарынын Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол сызыгынан 2 окуучу баланы патрулдук милициянын автоунаасы сүзүп кете жаздаган видеосу интернет айдыңында тараган.
Ушул эле күнү видеодогу “башкы каарман” - Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин өздүгү аныкталган жана ага жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды. Мындан сырткары аталган кызматкерге карата Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы да иликтөө ишин баштаганы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg