Министрди мугалим тоготпойт же мектеп жетекчисинен – мугалим, мугалимден – ата-эне коркот. Мына ушундай көз караш коомчулукта жаралып жаткан учуру.
Тагыраагы, жакында эле Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептердеги акча чогултууларга тыюу салган буйругу чыккан. Бирок, бул видеодогу айтылгандарга ылайык, мугалимдер дагы деле ата-энеден акча талап кылганын токтотуша элек.
Мугалимдер министрдин буйругун тоготушпай турганын, “бул жөн эле кагаз” деп билдиришкен. Андай аудиожазуулар мектептеги чогултууларга каршы ата-энелерде бар. Алардын бири, мектеп жетекчилерине “балдарды акча ташыган инкассатор кылбагыла, алар үйдөн акча ташыган инкассатор, силер болсо банк, биз болсо кредит төлөгөн кардар болдук” деп айтууда.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg