Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
«Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү боюнча каалоолорумду жеткирип коюңузду өтүнөм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg