Найти тему
KG Media

"Бизге америкалык армиянын кереги жок!” Ызы-чуу салган студенттерди кармап кетишти

Булак: NazarNews.kg
Булак: NazarNews.kg

Тосмодон ашып киришкен түштүк кореялык студент-демонстранттар АКШ элчиси Гарри Харристи “бул жерден жогол” дешти. Айтылгандарга караганда окуя кечээ, 18-октябрда Сеулда катталган.

Анда айтылгандай, элчинин резиденциясына каршылык акцияга чыккан студенттердин он тогузун Сеул полициясы кармап кеткен. Учурда студенттер укук коргоочуларга сурак берип жатышат.

Белгилей кетсек, студенттердин нааразы болушуна ушул жылдын июнь айында АКШнын расмий бийлиги Түштүк Кореянын аймагындагы америкалык аскерлерди кармоо чыгымын төлөө талабын койгону себеп болгон. Бул АКШ лидери Дональд Трамптын “Американын союздаш баардык өлкөлөрү, алардын жерин коргогон АКШ аскерлеринин чыгымын көтөрүүсү керек” – деп билдиргенден кийин чыккан талап экени белгилүү.

Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65 Булак: NazarNews.kg

Булак: NazarNews.kg
Булак: NazarNews.kg

Булак: NazarNews.kg