Найти в Дзене
KG Media

Майкөл-сүткөлдөн арылбаган бактылуу "вирус" Салайдин Айдаровбу?

Салайдин Айдаров деген депутат бар экенин билесиңерби? Билбесеңер деле керек. Элден жаа бою качкан неме, кандай жолун таппасын Жогорку Кеңешке кирип алып отурат. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров 2015-жылы мандат алып келген. 4 жылдан бери төрт маселе көтөргөнгө жараган жок.  Депутат деген макамына маашырланып, күн өткөрүп, ЖКга кирип-чыкканына кубанып олтурат.  Кезинде бул эргул Бакиевдин акчаларын адалдап тургандардын бири деген кеп бар эл арасында. Анткени, Бакиев бийлиги өзгөчө эскирип турган учурда, тагыраагы 2009-жылдын 2-апрелинде, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен КРнын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2010-жылы 17-августта ал кызматынан бошотулган. А бүгүн Айдаров деген "вирус" мурунку "маскасын" чечип, башкасын кийип билмексен болуп олтурат. Жөн олтурбай, кийинки жылы кайсы партияга кире калсам деп, төлгө ташын тартып олтурат, -деп "De-Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялады. Би
Булак: NazarNews.kg
Булак: NazarNews.kg

Салайдин Айдаров деген депутат бар экенин билесиңерби? Билбесеңер деле керек. Элден жаа бою качкан неме, кандай жолун таппасын Жогорку Кеңешке кирип алып отурат. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров 2015-жылы мандат алып келген. 4 жылдан бери төрт маселе көтөргөнгө жараган жок.  Депутат деген макамына маашырланып, күн өткөрүп, ЖКга кирип-чыкканына кубанып олтурат. 

Кезинде бул эргул Бакиевдин акчаларын адалдап тургандардын бири деген кеп бар эл арасында. Анткени, Бакиев бийлиги өзгөчө эскирип турган учурда, тагыраагы 2009-жылдын 2-апрелинде, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен КРнын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2010-жылы 17-августта ал кызматынан бошотулган. А бүгүн Айдаров деген "вирус" мурунку "маскасын" чечип, башкасын кийип билмексен болуп олтурат. Жөн олтурбай, кийинки жылы кайсы партияга кире калсам деп, төлгө ташын тартып олтурат, -деп "De-Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялады.

Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65

Булак: NazarNews.kg