Найти тему
KG Media

Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 2016-жылдан бери жүрбөгөн Нива унаасына 500 миң сомдой чыгаша кетиргени тууралуу видео

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 2016-жылдан бери жүрбөгөн Нива унаасына 500 миң сомдой чыгаша кетиргени тууралуу видео Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, бул унааны оңдоого жана күйүүчү майына жылына 170 миң сом кетет. Айыл өкмөт башчысы инисине шопур кылып айлык берет экен. Ал эми айыл өкмөттүн бюджети болгону 3 миллион сом экен.

Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65

Булак: NazarNews.kg