УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, “Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн” деп айып койгону жалпы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй, 2019-жылдын 25-мартында Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду 12 жыл 6 айга эркинен ажыратканын укканбыз.
Бул факты коррупциялык күрөшкө үмүт жандырган. Тилекке каршы, Бишкек шаардык соту июль айында 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттук чечимин 3 миллион 300 миң сом айып пул салууга алмаштырып, эркиндикке чыгарып жибериптир. Салыштырып айткандай бир айда пара катары алган акчасын төлөп туруп кутулат экен. Ал эми, соттордун оозун майлаганга ашып кетсе эки айлык “шабашкасы” кетсе керек. Ыя, кокуй мындай адилетсиздик сот системасында калпыстыктар орун ала берсе мамлекет кантип өнүгөт,- деп “De-Факто” гезити жазды.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg