Кыргызстандын экономикасын тыптыйпыл кылып талкалап, айыл жана дыйкан чарбалардан тарта завод-фабрикалардын бирин калтырбай саттырып, өлкөнү сөөк өчтү душмандан бетер карандай сызга отургузуп качып кеткен Аскар Акаев жергиликтүү басылмалардын биринен жагымпоздук кылып жаңшанып, бир топ кишиге кошоматтын коюн союптур. “Чү” деген жерден эле президентке жагалданып: “Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык аракетин көрүп жатат” дептир. Дагы бир тобун мактаптыр. Андан ары Ф.Кулов, С.Жапаров ж.б. менен улантыптыр. Албетте, туура түшүнүш керек, Аскар Акаевдин азыр жагынгандан башка аргасы калган жок. Жагынуу менен жеке маселесин чечтирип, өлкөгө келүүнүн амал-айласын издеп жатабы? Антип кошомат кылбай эле баягы жеп-ичип кеткен каражаттарын Кыргызстандын карызын төлөөгө бербейби. “Айланайын эл-журт, мени күнөөлөп келесиңер, сырткы карыздын 1 миллиард долларын берейин, өлкөгө киргизгиле”, -десе жарашат эле да, -деп “De-Факто” гезити жазып чыкты. Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунузда
Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн алынын жетишинче кошоматтын камчысын чаап жатабы?
19 октября 201919 окт 2019
35
~1 мин