Мына ушундай темадагы макаласын казактардын "Политазия" сайты жазып чыкты. Биз төмөндө ал макаланы айрым кыскартуулар менен бермекчибиз. Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктап бараткан чакта көңүл жубатарлык эмес алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга болот. Жээнбековдун командасы президенттин жемиштүү ишин республикалык деңгээлде камсыз кыла алган жок, учурдагы өлкө башчысынын ишинин оң жыйынтыктарын жарандарга байкалган жок. Мындай натыйжасыз иштин себеби эмнеде? 1. Алсыз кадрдык курам. Жээнбековдун айланасында демилге көтөрө алуучу мыкты кадрлар жок. Анын жанындагылар жеке ишенимине киргендер жана шефинин көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарган адамдар. Мындай кадрлар ээсинин каарына калуудан коркуп, кеңеш бере алышпайт жана өз көз карашын айта алышпайт. Мындайлар негизинен кимди жумушка дайындоо, кимге жардам берүү, кимди жумуштан алуу сыяктуу күнүмдүк маселелерди гана чечишет. Масштабдуу маселелерди чечүү алардын колунан келбейт. 2. Кеңешчилер. Жээнбековдун чечимине таасир берг