Казакстандын маалымат каражаттары мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев Казакстандын түштүк аймагында кичүү уулунун туулган күнүнүн урматына ири көкпар оюнун өткөрүп бергени тууралуу жазышууда. Маалыматтар негизинен телефонго тартылган видеолор аркылуу youtube каналы менен таркап жатат. Бул тууралуу казак бийлигинин башкы оппозициячысы Мухтар Аблязов да билдирүү таратып, анда Назарбаевдин инисин эмнеге вертолет, атайын автоунаалар коштоп, трассалар жабылганы, аны жеке жансакчылардан сырткары ИИМдин спецназдары курчап кайтарып жүргөнү тууралуу президент баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнө суроо иретинде кайрылуу жасады. Аблязовдун айткандарын биринчи видеодон көрүүгө болот. Ал эми экинчи видеодо Болат Назарбаев кичүү уулдарын өзүнчө атайын жасалгаланган креслолорго олтургузуп койгону, өзү чөнтөгүнөн бир пачка доллар алып чыгып, канчадыр бир бөлүгүн санап бирөөлөргө (оюнду уюштуруучуларга болушу мүмкүн, ред.) берип жатканы тартылган. VIDEO 1 Биздин ка
Назарбаев өткөргөн көкпар оюнунун “дүңгүрөгү” дүң болуп жатат
19 октября 201919 окт 2019
1368
1 мин