Өзбекстанда импорттогу бажы салыктары жана өлкөгө алып келинген товарларга салынуучу кошумча салыктарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап Өзбекстанга ташып келинүүчү кымбат автоунаалар, тагыраагы, заводдон чыкканына 2 жыл болгон, баасы 40 миң доллардан жогору жеңил автоунааларга 20 пайыздык бажы төлөмдөр жокко чыгарылат. Ал эми Кыргызстанда тескерисинче, 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөгө ташылып келинген кымбат автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйүшү күтүүлүдө. Парадокс! Ошондо кайсы өлкө же кайсы мамлекеттин эли утат да, кайсынысы уттурат? Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Өзбекстанда сырттан келчү кымбат автоунааларга бажы төлөмү жоюлуп жатса, Кыргызстанда 11 эсе көбөйгөнү турат
19 октября 201919 окт 2019
2
~1 мин
