Сирияга барып согушка катышып, учурда Жалал-Абадда жашырынып жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын Жалал-Абаддагы облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кармалды.
Ал 2014-жылы Түркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан согушка катышуу үчүн чыгып кеткендиги, учурда Жалал-Абад шаарында жашынып жашап жүргөн жери аныкталып, изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.
Аталган жаран буга чейин эле Жалал-Абад ОИИБинин экстремизм жана терроризм багыты боюнча шектелип, атайын каттоодо турган.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg