Мындай пикирин Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев "Жасем ал Сани" атындагы мечитте, 18-октябрь күнү «Өзүнүн жанын өзү кыюу (Суицид)» темасындагы жума баянында айтып өттү.
«Чындыгында суицид маселесинин себептери көп. Технологиянын өнүгүүсү менен өзүнүн жанын өзү кыйгандардын саны жана себептери да артты. Ата-энелер биздин келечегибиз болгон жаш өспүрүмдөргө өз мээримин төгүп, туура тарбиялоосу зарыл! Бирок ата-эне өзү билимсиз болуп жатпайбы. Өзүңдө жок нерсени балаңа кантип үйрөтөсүң? Мына ошондуктан алгач өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу жана балдарга туура өрнөк бололу», - деди анда Нурбек каары Орунбаев.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg