Найти в Дзене
KG Media

Кыргызстандык дарыгерлер Памирде төрөт кабыл алышты

Кыргызстандан барган акушер-гинеколог Индира Жолдубаева Памирде шериктештик төрөт кабыл алды. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык дарыгерлер Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирдин жашоочуларына гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүшүп жатышкан.

Индира Мырзалиева Кыргызстандан Памирде шериктештик төрөт кабыл алгандардан биринчиси болду. 13-октябрда 2700 граммдык наристе төрөлдү. Төрөт жеңил болуп, эне менен баланын абалы канаатандырарлык. Акушер-гинеколог баланы эмизүү жана төрөттөн кийин кам көрүү боюнча маек курду.

“Баланын атасы Кыргызстандан тажрыйбалуу дарыгер төрөттү кабыл алганына абдан ыраазы болду”,- деп билдиришти. 

Ошондой эле, Улуттук кардиология жана терапия борборунун тоо медицина бөлүмүнүн кызматкери Марипов Абдирашит  кайрылган жергиликтүү элге консультация бердип, медициналык жардам көрсөтүштү.  Кайрылгандардын көбү өнөкөт тоолук оорусу менен ооругандар.

-2
-3

Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65

Булак: NazarNews.kg