«Эл бөрү болсо бөрү бол, эл түлкү болсо түлкү бол»-деген кеп бар.Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары. Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт: Эмнеси болсо да мурунку президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумун тоготкон жок. Ал камала электе деле тергөөгө басып келген эмес. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу отуруму улантылды. Бул отурумга да Атамбаев келүүдөн баш тарткан. Эми аны сотко мажбурлоо менен гана алып баруу калды окшойт. Бирок бул Сталиндин атын алган кыйноо бүгүнкү соттордун этикасына жатпайт. Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда Кой-Таштадагыдай таштарды чогултуп, бекем курчанып алганбы ким билет, азыркы сот системасынын алсыздыгы билине баштады. Азиз Батукаев өлгөнү калды деп 2013-жылы бошоп кетип, кезинде чоң чуу жараткан менен эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ушул жылдын апрель айында бул иш кайрадан жанданган.