“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес. Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай калса, кудай сактады, болбосо токмок жечүмүн. Бара-бара жалган сүйлөчү болдум. Атайылап эмес, алардан коркконум үчүн калп айтчумун. Атам менен апам “эшек” десе, чындап эле эшек окшоймун деген ой келээр эле. Классташтарымдын арасында басынып, оюмду ачык айта албай, сабакты билип турсам да жооп бербей, доскага чыккандан уялчумун. Ар дайым муңайып жүргөндүктөн досторум да жок болчу. Эч ким мени менен сүйлөшпөчү. Досторум ата-энесине эркелеп жатканын көрүп ызаланчумун. Менин алардан эмнем кем деген суроом жоопсуз калчу. Бой жеттим. Студент болдум. Дагы эле баягыдай өз оюмду ачык айта
Ата, апа, “эшек” деп көп тилдечү элеңер, эшек болуп чоңойдум
21 октября 201921 окт 2019
20
2 мин