Найти в Дзене
KG Media

Атамбаевдин саламаттыгы өгүздүкүндөйбү?

Оглавление

Кызык эй, ушул темир тордун артына баргандардын арасынан мурдагы президент, учурдагы бир топ оор кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин эле ден-соолугу өгүздүкүндөй окшойт. Бир кыңк дебей жатат.

Тобоо, чын, буга чейин андай жерге түшүп калган көп эле саясатчылар ооруп, мурдунан суу агып, өлүмүш болчу эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. толгон токойлор. Жада калса жапжаш, чүкөдөй болгон Сапар Исаков ооруп, саламаттыгы болбой калды деп угуп калабыз.

Эгерде чындыгында ооруп, кыйналып жүрүшсө, албетте, жараткан шыпаасын берсин дечи. Бирок, темир торго барганда дене табыңар бирдей көтөрүлүп, бирдей соолуган гүлдөй болуп калганына коомчулук такыр түшүнө албай башы маң. Ал эми мурдагы президент Атамбаев, албетте, убагында кылган ыплас иштери аныктала турган болсо жоопко тартылат деңизчи, бирок саламаттыгы мыкты экен деп койдук. Мүмкүн Кытайдан алып келип куюп ичкен 10 граммдык стаканда кеп барбы, ким билсин?..   

БИЗГЕ ПОДПИСАТЬСЯ БОЛУНУЗДАР !!!

-2

БИЗГЕ ПОДПИСАТЬСЯ БОЛУНУЗДАР !!!


21 октябряПолная статистика будет доступна после того, как публикация наберет больше 100 просмотров.

Күнөөлүүлөрдү дайындайт: Атамбаев менен Сапар Исаков күнөөлүүлөрбү же “дайындалгандарбы?”

Булак: NazarNews.kg
Булак: NazarNews.kg

Байыркы Римде Калигула деген император болгон. Мамлекет башчысы каалаган адамына күнөө тагып, көзүн тазалап, каалаган адамын маскаралап, шылдыңдап койчу экен. Адамдарга караганда акылдуу деп өзүнүн минген атын сенатка депутат кылып отургузуп койгон. Аны аты эмне мыйзам чыгарганын ким билет, бирок сенатка кадимкидей катышып, айлыгын алып турчу экен. “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” балким андан мурун башталгандыр, бирок Калигула “Күнөөлүүлөрдү дайындаганды” сүйчү экен.

Алмазбек Атамбаевдин убагында “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” мода болуп кеткен. Канчалаган адамдарга жок жерден күнөө тагылып камалып жатышпадыбы? Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Карганбек Самаков, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Урмат Аманбаева, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Бектур Асанов, Нурлан Мотуев,  Кубаныч Кадыров, жана башкалар. Булардын көпчүлүгүнүн кылмыш иштери жасалма экендиги аныкталып, камакта бекер убактысын өткөргөнү белгилүү болду. Таяктын эки учу бар, бир учу кайра барып, буларды камагандардын дал өзүнө барып тийди.

Атамбаевди кечээ “Баатыр” катары көрүп, жерге-сууга тийгизбей келгендер четинен сата баштады. Атамбаевдин балын татышканы менен биринчи башына күн түшөрү менен Атамбаевдин мойнуна таш-балакеттер үйүлө турган болду. Анын ичинде депутаттар да бар. Бир карап көрүп император Калигула өз атын депутат кылып туура эле кылганбы деген ой кетет экен. Ат киши депутаттардай болуп сатканды билбейт да...

БИЗГЕ ПОДПИСАТЬСЯ БОЛУНУЗДАР !!!