Байыркы Римде Калигула деген император болгон. Мамлекет башчысы каалаган адамына күнөө тагып, көзүн тазалап, каалаган адамын маскаралап, шылдыңдап койчу экен. Адамдарга караганда акылдуу деп өзүнүн минген атын сенатка депутат кылып отургузуп койгон. Аны аты эмне мыйзам чыгарганын ким билет, бирок сенатка кадимкидей катышып, айлыгын алып турчу экен. “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” балким андан мурун башталгандыр, бирок Калигула “Күнөөлүүлөрдү дайындаганды” сүйчү экен. Алмазбек Атамбаевдин убагында “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” мода болуп кеткен. Канчалаган адамдарга жок жерден күнөө тагылып камалып жатышпадыбы? Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Карганбек Самаков, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Урмат Аманбаева, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Бектур Асанов, Нурлан Мотуев, Кубаныч Кадыров, жана башкалар. Булардын көпчүлүгүнүн кылмыш иштери жасалма экендиги аныкталып, камакта бекер убактысын өткөргөнү белгилүү болду. Таяктын эки учу бар, бир учу кайра барып, буларды ка
Күнөөлүүлөрдү дайындайт: Атамбаев менен Сапар Исаков күнөөлүүлөрбү же “дайындалгандарбы?”
21 октября 201921 окт 2019
31
1 мин