Азамат: кумсалыкты дарылоого болбойт Азаматтын «башкача» экени ал он алты жашка чыкканда белгилүү болгон. Жашыруун телефон сүйлөшүү ата-энесине угулуп калгандан кийин өспүрүм чындыкты айтууга мажбур болгон. Күтүүсүз кабарга нес болгон энеси баласынын жан сырына ишенгиси келген эмес. Атүгүл ага жин кирди деп дин жолуна салууга да аракет кылган. Үй-бүлө
«Мен бул азаптын баарына эмнеге чыдаганымды билбейм», -деп эскерет Азамат башынан өткөн күндөрүн. — Мен аларды чыйралткым келди, мында эч жамандык жоктугун айттым. Сексуалдык ориентация мага көз каранды эместигин түшүндүргүм келди, жан кумардын артынан куубаганымды билдирдим, — дейт Азамат. Өзүнүн ата-энесин Азамат ачык, либералдуу адамдар катары сүрөттөйт. Атасы музыкант, апасы филолог. Жигит үй-бүлөнү дайыма чыгармачыл адамдар курчап турганын эскерет. Ата-эне достору менен көп саякаттап, концерт жана көргөзмөгө барышчу. Бала тарбиялоо ыкмасы да заманбап болгон. Уулунун кайсы гана суроосу болбосун ачык жооп берүүгө аракет кы