«Үнсүз ажал» жаштарды да аңдый баштады Артериялык кан басымдын жогору болуусу алгач көрүү, угуу жөндөмүн басаңдатып, жүрөк, бөйрөк сыяктуу органдардын толук кандуу иштөөсүн кыйындатат. Дарыгерлердин айтуусунда, кандын басымы 130дан жогору болгондо эле адиске кайрылып, керектүү дарыланууну, алдын алуучу иш-чараларды баштоо керек. Артериялык кан басымдын жогорулоосун адатта медицинада «үнсүз ажал» деп коюшат. Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткан 62 жаштагы Хадижа кан басымынын 200гө чыгып кеткенин бир нече ирет эсинен тангандан кийин гана билген: — Менин ооруп жүргөнүмө көп болду. Беш жылдан ашып калды окшойт. Мурда эле ооручу экем, бирок билбей жүрө берипмин. Анан бир күнү кулап калдым. Бир нече жолу эстен танып, ушул ооруканага кайрылганда кан басымым 200гө жогорулап кеткенин билдим. Азыр 150гө түшсө, өзүмдү жакшы сезип жатам. Болбосо эки кулагым чуулдап, жүрөгүм тарсылдап жаман болуп кетем. Гипертония же кан басымдын жогорулоосу