Сырды эч кимге айтпай бекем сактаганыңыз өзүңүзгө эле жакшы. Жеке сырыңызды, башкалардын сизге ишенип айткан сырларын дагы ичке бекем сактап кулпулап, ачкычын терең көлгө салып жибериңиз. Өзүңүзгө гана тиешелүү… 1. Келбетиңизге, дене мүчөңүзгө байланыштуу кемчиликтерди курбуңузга айтып арызданбай эле коюңуз. Сулуунун сулуусу деген аялда дагы кандайдыр бир кемчилик бырыш, жарашыксыз кал же чаарала так болот, анан айымдардын баарындагынын эң башкы каалоосу, арыктагылары келет. Айымдардын дээрлик баары бетиндеги же келбетиндеги бир жерин өзгөрткөндү каалашат. Акылдуу аял ошол кемчилигин башкалар менен бөлүшпөйт. Башкаларга айткан менен кемчилик түзөлүп калбасын ал жакшы билет, андыктан ал жакшы жактарына басым жасайт. 2. Күйөөңүз же сүйгөнүңүз менен болгон мамилени жар салып айта бербеңиз. Дүйшөмбүдө ыйлап, шейшембиде ага таарынып, шаршембиде кайра жарашып, бейшембиде кайрадан сүйүп калганыңыз ички сырыңыз болсун. Эгер болгонун болгондой досторуңузга айта берсеңиз алар жаман